“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Жол кырсыктарынын алдын алуу жана жол кыймылынын катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында 2026-жылдын 27-июнунда Нарын облусунда «Адам жаны аманат» аттуу профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгү менен Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин биргелешкен демилгеси менен уюштурулду.
Профилактикалык иш-чаранын алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин так сактоонун маанисин түшүндүрүп, белгиленген ылдамдык режимин сактоого, мас абалында унаа башкарбоого жана жолдо маданияттуу жүрүм-турумду карманууга чакырышты.
Өз кезегинде КМДБнын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ислам дининде адам өмүрү эң кымбат аманат катары бааланарын белгилеп, жол кыймылынын ар бир катышуучусу өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө кайдыгер карабашы керектигин эскертишти.
Иш-чаранын соңунда айдоочуларга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан даярдалган маалыматтык брошюралар таратылып, жол коопсуздугун сактоого чакырык айтылып, ак жол тиленди.
«Адам жаны аманат» аттуу иш-чара мамлекеттик органдар менен диний мекемелердин коомдук коопсуздукту камсыздоо багытындагы өз ара кызматташтыгын чыңдоого жана жарандардын жол кыймылынын коопсуздугуна болгон жоопкерчилигин арттырууга багытталган.