«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Коом | 29.01.2026
  • |

Өлкө боюнча бааларды ашкере көтөрүүгө каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы, КМДБнын өкүлчүлүктөр, хатибияттар, мечиттер, имамдар жана курулуш бөлүмүнүн уюштуруусу менен республика боюнча бардык облустарда, район-шаарларда, айыл өкмөттөрдө жана айыл жерлериндеги базарларда жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында өзгөчө эл күнүмдүк муктаж болгон эт жана көмүр сыяктуу негизги товарларга көңүл бурулуп, соодагерлерге ихтикардын шарияттагы өкүмү, анын коомго жана жеке адамга тийгизген зыяны кеңири түшүндүрүлдү. Айыл өкмөттүк деңгээлдеги жоопту имам-хатибдер жана дин кызматкерлери базарларды кыдырып, сатуучулар менен жекече баарлашууларды жүргүзүштү.

Түшүндүрүү иштеринде төмөнкү маселелер баса белгиленди:

Ихтикар — шариятта арам жана чоң күнөөлөрдүн бири экени;

Элдин муктаждыгын пайдаланып пайда табуу — зулумдук экени;

Адилеттүү соода кылуу — берекеге жана Аллахтын ыраазылыгына жеткирери;

Мындай аракеттер коомдук тынчтыкка жана ынтымакка доо кетирери айтылды.

Соодагерлер түшүндүрүү иштерин оң кабыл алып, адилеттүү соода жүргүзүүгө жана элге кыйынчылык жаратпоого убада беришти.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы бардык соода өкүлдөрүн, ишкерлерди жана жарандарды адилеттүү болууга, ихтикардан алыс болууга жана коомдук жоопкерчиликти сезүүгө чакырат.

Адилеттүү соода — берекенин булагы, зулумсуз коом — ынтымактын негизи.

Белгилей кетсек, ислам дини адилеттүүлүктү орнотууга, зулумду жоготууга жана адамдардын укугун коргоого үндөйт. Коомду ичтен кыйраткан эң кооптуу жамандыктардын бири — ихтикар, башкача айтканда, эл муктаж болгон товарларды кымбатташын күтүп, атайылап кармап туруу болуп саналат. Мындай аракет коомго зыян алып келип, элдин нааразычылыгын күчөтүп, социалдык оор кырдаалдарды жаратат.