«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун демилгеси менен Орозо айт майрамын утурлай, 100 жетим балага жана 100 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыктары таратылды.
100 жарым жетим жана тоголок жетим балдарга кийим-кечелер таратылган болсо, 100 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды.
«Мусулман коомчулугунда эң эле шаан-шөкөт менен өтүүчү Орозо айт майрамын утурлай ата-энесинен эрте ажыраган 100 балага кийим-кече тапшырып, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылдык. Ошондой эле, аз камсыз болгон 100 муктаж үй-бүлөгө да тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды. Бул да болсо, Рамазандын берекеси менен ишке ашууда десек болот. Биздин демилгени колдоп келген «Эмират» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиребиз, – деди Султанали ажы Гапуров.