«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
КМ АКтын алдындагы Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов жана КМДБнын бухгалтер-кассири Султанбек ажы Момунов КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүн зыярат кылды. Иш сапар алкагында облустун жана райондук баш имам-хатибдерге берилген кызматтык унаалардын учурдагы техникалык абалын кароодон өткөрүү жана садака-фитрдин QR-коддорун такташтыруу боюнча жыйын өткөрдү.
Кызматтык унаалардын техникалык абалы кароодон өткөрүлүп, жакшы колдонулуп жаткандыгы айтылды.
"Кызматтык унааны хатибияттын кызыкчылыгы үчүн гана колдонуп, жеке иштерге колдонбоо керек. Биз өлкө боюнча текшерүү жүргүзүп жатабыз. Айрым учурларда автоунаанын жүрүү көрсөткүчү абдан көбөйгөн учурлар катталууда. Бул алардын жеке кызыкчылыгы үчүн да колдонуп жибергендигин билдирет. Буйруса ар алты ай сайын техникалык кароодон өткөрүп турабыз", – деди ТК төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов.
Султанали ажы Гапуров кызматтык унаанын баркын билүү керектигин кошумчалады.
"Убагында кызматтык унаа эмес, айлык акысы жок эле иштеген күндөр болгон. Учурда кызматтык унаалар берилгендиги бул чоң жетишкендик жана аманат болуп саналат. Бул аманатты туура колдонуу милдетибиз. Биздин облустагы бардык кызматтык унааларды жакшы карап колдонуп жаткан экенсиздер. Ар дайым ушундай жакшы жана туура колдонуңуздар", – деди Султанали ажы Гапуров.