«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 9-июнь күнү Ош шаарындагы С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драм театрында «Козу кызы Бурмакан» жана «Шейит Дөбө» окуу борборлорун аяктаган 130 студентке сертификаттар тапшырылды. 130 студенттин 37 си 30 пара Куранды толугу менен жаттап хафиза болушса, калган 93 студент шарият илимдерин үйрөнүштү.
Салтанатуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлүнүн орун басары Акжол ажы Бакиров, Сулайман Тоо мечитинин имам-хатиби Убайдулла ажы Сарыбаев,окуу борборлордун эмгек жамааты, бүтүрүүчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чара алгач Куран тилаваты менен башталып, андан соң Азирети Муфтий илим алуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
«Акыретте бардык адам баласы бири-биринен качкан убакта Куран ээлери ата-энелерин издейт. Мына бүгүнкү Куран жаттаган балдардын ата-энелери бактылуу экенсиңер», -деди Азирети Муфтий.
Андан соң келген коноктор катары менен сөзгө чыгып, бүтүрүүчүлөр акыл насаат жана кеңештерин беришти.
Ошондой эле эмгеги зор окутуучулар жана бир үй-бүлөдө бир канча Куран жаттаган кары кыздардын ата-энелирене сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара соңунда жалпы бүтүрүүчүлөргө окуу борборлор тарабынан сертификаттар тапшырылып, жыйынтыкталды.