"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Шакир ажы Маматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. Бүгүн, 24-апрелде жаңы дайындоо боюнча жамаатка тааныштырылып, иштерине ийгиликтер кааланды.
Шакир ажы Маматов тууралуу:
Толук аты-жөнү: Маматов Шакиржан Валиевич
Туулган жылы: 20.04.1968-ж.
Туулган жери: Баткен облусу, Кадамжай району, Пулгон айылы
Улуту: кыргыз
Билими:
1975-1985-жж. М. Ломоносов атындагы орто мектеби;
1989-1996-жж. «Хазрети Али» медресесинде илим алган, адистиги: «имам-хатиб» жана «мударрис»;
2003-2016-ж Эл аралык инновациялык технологиялар университети, адистиги: уюмдун менеджменти (багыттар боюнча).
1986-1988-жж. Москва шаарында Советтик Армиянын катарындагы кызмат өтөгөн.
Эмгек тажрыйбасы:
1996-1997-жж. «Хазрети Али» медресесинин мудариси;
1997-1999-жж. «Молдо Мухтар» мечитинин имамы;
1999-2000-жж. Кадамжай районунун баш имам-хатиби;
2002-2005-жж. «Ысык-Көл» облусунун мусулмандарынын казысы;
2002-2012-жж. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү;
2005-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары;
2005- 2006-жж. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы.
2006-2010-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
2010-2012-жж. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы;
2012-2013-жж. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы;
2013-2014-жж. Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;
2013-2022-жж. "Идеал Травел" туристтик агенттигинин жетекчиси;
2022-2026-жж. Бишкек шаарынын казысы (Азирети Муфтийдин ордо калаадагы өкүлү);
2026-жылдын февраль айынан тарта ордо калаадагы Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин имам-хатиби болуп эмгектенип келген.
Билген тилдери:
Кыргыз, араб, орус, өзбек, казак
Үй-бүлөлүк абалы:
Үй-бүлөлүү: 2уул, 4 кыздын атасы