Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 11.09.2025
  • |

ТМУ: «Сиражуддин ал-Оший жана анын Ислам илимдерине кошкон салымы» эл аралык илимий-практикалык конференциясы жыйынтыкталды

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алкагында өтүп жаткан «Сиражуддин ал-Оший жана анын Ислам илимдерине кошкон салымы» эл аралык илимий-практикалык конференциясы жыйынтыкталды.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов модераторлук кылган эл аралык илимий-практикалык конференцияда түрк дүйнөсүнүн аалымдары баяндамаларын жасашты:

Проф. Фатих Мехмед Айдын – Түркия Диянет иштери башкармалыгынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын өкүлү: «Сиражуддин аль-Ошийдин илимий мурастарынын изилдениши»;

Док., доц. Едилбай уулу Кыдыр Торали – Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын ислам илимий-изилдөө институнун директору: «X-XII кк. Мавераннахр аймагында ислам илимдеринин өнүгүүсү жана медреселердин жалпы абалы»;

Рустамов Жейхун – Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын башчысынын орун басары: «Ислам илимдеринин жайылышына түркий тилде жазылган эмгектердин ролу»;

Холбоев Гуломиддин – Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва борборунун жетекчисинин орун басары: «Өзбекстандын архивдик изилдөө маалыматтарынын негизинде: Орто кылымдардагы Ханафий жана Матуридий аалымдары»;

Жусубалиев Али – Ош мамлекеттик университетинин доценти, теологиянын доктору (PhD): «X-XII кк. Ош шаары: социалдык, экономикалык жана маданий абалы»;

Хамдамов Шовкат – Өзбекстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси: «Сиражуддин аль-Ошийнин адабий мурасы: Бадъул-Амаали»;

Мансуров Батыржан Берден уулу – PhD доктор, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы: «Сиражуддин аль-Ошийдин фикх илимине кошкон салымы: Фатаава Сиражийя»;

Ажымаматов Зайнабидин – Ош мамлекеттик университетинин доценти, теологиянын доктору (PhD): «Караханийлер мезгили: Ханафий жана Матуридий мазхабдарынын өнүгүүсү»;

Асылбеков Эмилбек – Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү: «Сиражуддин аль-Ошийдин илимий эмгектери: теориялык-методологиялык талдоо».