Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 10.09.2025
  • |

ТМУга мүчө өлкөлөрдүн муфтияттарынын алдындагы Фатва Кеңешинин отуруму өткөрүлдү

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы «Шератон» мейманканасында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы фатва кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Иш-чараны Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ачып: «Урматтуу Фатва кеңешинин мүчөлөрү! Кадырлуу аалымдар! Ардактуу меймандар! Түрк Мамлекеттер Уюмунун жыйынынын алкагында өтүп жаткан диний башкармалыктардын алдындагы Фатва кеңешмесинин жыйынына карата чакырыгыбызга жооп берип, алыс-жакындан келип катышып жаткан бир туугандарыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Маалым болгондой, фатва — бул жөн гана суроого жооп берүү эмес. Ал — жоопкерчиликти, илимий тактыкты, дүйнө таанымдык тереңдикти жана шарияттык көрөгөчтүктү талап кылган маанилүү диний чечим. Азыркы замандын ылдам өзгөргөн шартында коомдо күн сайын диний, социалдык, экономикалык жана укуктук мүнөздөгү жаңы маселелер жаралууда. Мындай учурда фатва берүү иши жеке көз карашка эмес, илимий негизге, мекемелик биримдикке жана институционалдык чечим кабыл алуу процесстерине таянууга тийиш», – деп билдирди.

Жыйындын максаты — түрк мамлекеттеринин ортосундагы диний кызматташтыкты өнүктүрүү, фатва берүүдө тажрыйба алмашуу жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо экенин, замандын талабына жооп берген, жогорку деңгээлдеги илимий даярдыкка ээ, укуктук жана диний эрежелерди терең түшүнгөн фатва институттары бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын айткан Абдулазиз кары Закиров жыйындын жүрүшүндө айтылган сунуштар жана кабыл алынган чечимдер фатва берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана түрк дүйнөсүндө жаралып жаткан диний маселелерге бирдиктүү, туура жана жүйөлүү мамиле кылууга көмөкчү болоруна ишеним артты.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын фатва адистери катышкан кереге кеңешмеде олуттуу жана заманавий маселелер каралып, Азирети Муфтийлер тарабынан бекитүүгө даярдалды.

Фатва кеңешинде каралган 7 маселе:

Шариятта орган алмаштыруу маселеси;

Ислам дининде мээнин өлүмү;

Аялзатынын ажылык сапарындагы махрам маселеси;

Жарандык нике жана талак маселеси;

Камарий айынын башталышын аныктоо;

Желатинди азык катары пайдалануунун диний өкүмү;

Айыл чарба эгиндеринин үшүрлөрү жана өлчөмдөрү.