“Oo, ыйман келтиргендер! Орозо кармоо силерден мурункуларга парз кылынган жана силерге да парз кылынды. Ошондуктан буга өтө этияттык менен мамиле кылгыла” (Бакара, 183)
Коом | 21.02.2026
  • |

Тоолуу Алтай: Кыргызстандан барган карылар таравих намазында хатм кылышууда

Кыргызстандан жөнөп кеткен карылар Алтай Республикасынын аймагындагы мечиттерде таравих намаздарын Куран хатмы менен окуй башташты. Хафиздер республиканын ар кайсы мечиттерине бөлүштүрүлдү, алардын ичинде Тоолуу-Алтай (Горно-Алтайск) шаарындагы борбордук мечит жана Кош-Агач (Кош-Агачский) район да бар.

Таравих намазынын башында Алтай Республикасынын Муфтийи Жанболат хазрат Охтаубаев Кыргызстан муфтийи Абдулазиз кары Закировго Алтай дин башкармалыгынын өтүнүчү менен хафиздерди жибергени үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстан Муфтийинин өкүлү Белек ажы Жапаракунов муфтийдин атынан куттуктоо жана салам сөздөрүн жеткирди.

Куттук тексти толугу менен берилет:

«Кыргызстан муфтийи Абдулазиз кары Закировдун жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан, урматтуу Алтай Республикасынын кадырлуу бир туугандары, сиздерди ыйык Рамазан айынын келиши менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул берекелүү ай ыйманыбызды бекемдөөгө, жүрөктөрүбүздү тазалоого жана руханий жактан жаңыланууга себеп болсун. Жараткан Алла Таала кармаган орозоңуздарды, окуган намаздарыңызды жана бардык жакшы амалдарыңызды кабыл кылып, элибизге тынчтык, биримдик жана жакындашууну насип этсин.

Рамазан айы коомдорубузду бир туугандыкта бириктирип, алака-катышыбызды бекемдесин жана ар бир үйгө бейпилдик, ырайым жана береке алып келсин. Бул ай мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана ыкластуу ибадаттын айы болсун. Алла Таала насип кылып, Алтайдан да кары-хафиздер жетилсин. Рамазан айыңыздар маарек, кармаган орозоңуздар кабыл болсун».