«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху
Урматтуу мекендештерим!
Бүгүнкү күн ар бирибиз үчүн өзгөчө ыйык жана улуу маани-маңызга ээ. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү – ата-бабабыздын каны-жаны менен келген ыйык эркиндиктин, ынтымак менен биримдиктин, Мекенге болгон чексиз сүйүүнүн күнү. Бул күн – ата-бабалардын мурасын урматтап, келечек муундарга татыктуу мамлекет калтыруу жоопкерчилигин эске салган күн.
Ислам дини адамзатты ынтымакка, боорукерликке, адилеттүүлүккө жана Мекенди сүйүүгө үндөйт. Эгемендүүлүк – Жараткан Алланын бизге берген улуу белеги. Аны баалап, шүгүр кылып, элибиздин тынчтыгын жана өлкөбүздүн бүтүндүгүн сактоо – ар бирибиздин ыйык парзыбыз.
Урматтуу бир туугандарым! Биздин күчүбүз бөлүнүүдө эмес, биримдикте. Уруу, аймак, тил, дин, көз караш деп бөлүнбөй, бир үй-бүлөдөй ынтымакта жашоо – улутубуздун улуулугунун белгиси. Үй-бүлө институтун бекемдеп, ата-энеге урмат, балага мээрим көрсөтүү – коомдун ырааттуу өнүгүшүнүн негизи болуп саналат.
Ошондой эле өлкөбүздүн жетекчилигин сыйлоо, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу – мусулман коомчулугунун да милдети. Ыйман менен патриоттуулукту айкалыштырып, адал эмгек менен токчулукка жана молчулукка жетишүү – элибиздин бакубат жашоосунун кепилдиги.
Алла Таала Кыргызстаныбызга тынчтык, эли-журтубузга береке, жашообузга ырыскы жана кут дарытсын! Жараткан эгемендүүлүгүбүздү түбөлүк кылып, өлкөбүздү өнүгүп-өсүп жаткан мамлекеттердин катарына кошсун!
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун, урматтуу мекендештерим!
Сиздерди урматтоо менен,
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров