“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 23.07.2026
  • |

Ысык-Көл районунда «Адам жаны аманат» аттуу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында «Адам жаны аманат» аттуу түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Азирети Муфтийдин орун басары Шакир ажы Маматов, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Арпидин ажы Жороев, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тимур Кадыров, Ысык-Көл районунун имамдары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү ишкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин так сактоонун мааниси, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, жол маданиятын калыптандыруу жана адам өмүрүнүн баалуулугу тууралуу кеңири сөз болду.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз баяндамасында:

«Адамдын жаны – Жараткан Аллах Тааланын аманаты. Ар бир адам бул аманатты сактоого милдеттүү. Жол кыймылынын эрежелерин сактоо, мыйзамды урматтоо жана сабырдуулук – адам өмүрүн коргоонун негизги себептеринин бири. Тилекке каршы, жол кырсыктарынын көпчүлүгү шашмалык, жоопкерсиздик жана жол эрежелерин одоно бузуу сыяктуу көрүнүштөрдөн улам келип чыгууда. Ошондуктан ар бир жаран өзүнүн жана башкалардын өмүрүнө кайдыгер карабай, жоопкерчиликти терең сезиши зарыл», – деп белгиледи.

Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго кеңири жооп алышты.

Мындан сырткары, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан биргелешип даярдалган маалыматтык буклеттер таратылды. Анда жол кыймылынын негизги эрежелери, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча пайдалуу маалыматтар камтылган.