Кечээ, 20-августта Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинде Ош шаарындагы көзү азиздердин арасында “Курани Карим” жарышы жазуу, китеп окуу (колдун жардамы менен) жана жатка окуу боюнча сынак болду.
Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев жана Ош шаарынын мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Абдуллазиз Абдурахманов жана мугалимдер, ата-энелер катышты.
Сынакка 20га жакын талапкер катталып, жогорудагы 3 сынак боюнча 6 бала катышып, атайын казыят тарабынан түзүлгөн калыстар тобунун чечими менен жеңүүчүлөр аныкталды.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана мактоо баракчасы тапшырылды.