Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египеттин Аль-Азхар Ислам университетинин окутуучулары менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Египетте жайгашкан Аль-Азхар Ислам университетинин окутуучулары менен жолугушту.

Курамында 7 окутуучудан турган делегация Азирети Муфтийдин кабыл алуусунда болуп, алар 2019-2020-жылдагы жаңы окуу жылынан тарта Кыргызстан Ислам университетинде жана медреселерде араб тилинен сабак беришмекчи. Үч жылдык мөөнөткө сабак берүүгө кеткен окутуучулардын чыгымын Аль-Азхар окуу жайынын жетекчилиги толугу менен өз мойнуна алган.

Окутуучулар менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев көп жылдан бери кызматташып келген Аль-Азхар Ислам университетинин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, окутуучуларга жаңы окуу жылында көптөгөн ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Египет менен Кыргызстандын диний билим берүүдөгү кызматташтыгы улана берээрин кошумчалады.