Кант шаарындагы «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дугларов Кант шаарында жайгашкан «Кант» авиабазасында эмгектенген кызматчылардын суранычы менен аларга «Салттуу Ислам дини жана Ханафий мазхабы» боюнча лекция өттү.
Аталган лекция суроо-жооп менен коштолуп, «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дугларов ар бир берилген суроону жоопсуз калтырган жок. Ал эми иш-чаранын соңунда мындан ары да ушул сымал лекцияларды уюштуруп турууга «Кант» авиабазасын жетекчилиги менен макулдашылды.