Сары-Тологой айылында жаңы мечит ишке кирди

Бүгүн, 24-октябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Тологой айылында жаңы мечиттин курулуш иши толук аяктап, эл кызматына берилди. Бул туурасында райондук баш имам хатиб Бакыт ажы Кайкиев билдирди.

Анын айтымында, мечиттин ачылыш аземине облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, айыл башчысы Таалай Алиев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

“Сары-Тологой айылына бүгүнкү күндүн заман талабына ылайык заманбап шарты менен мечит курулду. Анын ачылышы көпчүлүктү кубандыра турган жана жаштарыбыздын ыйман чөйрөсүндө таалим-тарбия алып, тарбияланышына болгон бир чоң кадам”,-деди Бакыт ажы Кайкиев.

Ачылышка келген жалпы катышуучулар, айыл жаштары, аксакалдар жана коноктор менен биргеликте намаз окулуп, элибиздин, мамлекетибиздин тынчтыгын, келечегин сурап дуба кылышты.