Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы Жыгач базарында соода-сатык маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 28-октябрда Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы жыгач базарында эмгектенген соодагерлерге соода-сатыкты туура, так аткаруу үчүн мусулмандарын билүүсү керек болгон соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Иш-чара Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахмановдун демилгеси менен уюштурулуп, чогулгандарга сооданын пазилеттери жана адептери жазылган баракчалар таркатылды.