Ош шаарынын имамдары Куранды кырааты менен окутууда 3 айлык окуу курсунан өтүшүүдө

Кечээ, 19-январда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев  имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында калаанын “Манас-Ата” мечитинде уюштурулуп жаткан 3 айлык окуу курсунун ачылышына катышты.

Имамдар менен болгон жолугушууда Убайдулла ажы Сарыбаев дин кызматкерлеринин билим-деңгээлин көтөрүүдө мындай окуу курстары өтө маанилүү экенине токтолду.  

“Ар бир мечит имамы өз жоопкерчилигин сезе алса гана мечитте жамааттын ынтымагы жана достугу бекем болот. Мечиттерде жамааттын намазды эрежеси менен окуусуна имамдар катуу көңүл буруусу керек. Мына бугун Абдумалик дамла жамаатына кайдыгер эместигин далилдеп жатат”,- деп баса белгиледи Убайдулла ажы Сарыбаев.

Ал эми “Манас-Ата” мечитинин имам хатиби Абдумалик ажы Турсунбековдун айтымында, окуу курсунда имамдар Куранды кырааты окуу менен бирге адеп-ахлак туурасында дагы баяндар айтылаарын кошумчалады.

“Биз мечит жамааты менен биргеликте мечиттин сырткы жана ички көрүнүшүн талапка ылайык түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөргөнбүз. Мечитте курулуш жагынан жакшы өзгөрүүлөр болгону менен мечиттин жамаатына дагы көңүл бурууну колго алдык . Жамааттын Куранды кыраатын оңдоо иштерин уюштурганыбыздын негизги себеби дагы ушунда.  Буйруса 3 айдан соң жыйынтыкты конкурс түрүндө өткөрүп, жеңүүчүлөргө сыйлуу белектер тапшырылат.”- деп билдирди имам хатиб Абдумалик ажы Турсунбеков.

Айта кетсек, Ош шаарынын казысы  Убайдулла ажы Сарыбаевдин тапшырмасынын негизинде мечиттерде жамааттын Куранды кыраатына көңүл буруу иштери колго алынып, бүгүнкү күндө ар бир мечитте окуу курстары өтүлүүдө. Анда дин аалымдары өз тажрыйбаларын бөлүшүп, түрдүү баяндарды айтышмакчы.