Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КРнын Россия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, Азирети Муфтийдин жардамчысы Улан ажы Ибарев, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов жана Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов  Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташуу жаатында пикир алышып, мекендештерибизге үй-бүлө баалуулуктары, адеп-ахлак, адал ырыскы, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы, билим берүү жана балдардын тарбиясы туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин сүйлөшүштү.

Ал эми Азирети Муфтий Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчисине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.