Талас шаарында “Сен жылмайсаң – аалам сага жылмаят” деген темада айымдарга сабак уюштурулду

Кечээ, 17-февралда Талас шаарындагы Чет тилдер багытындагы кыздар медресесинде Кыргызстан Ислам университетинин шарият кафедрасынын башчысы Шермухамед Ташматовдун катышуусунда “Сен жылмайсаң – аалам сага жылмаят” деген темада айымдарга уюштурулду.

Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, жана казыяттын орун басарлары Медер ажы Сагынбаев, Касым ажы Сыдыков, Чет тилдер багытындагы кыздар медресесин директору Абдысамат уулу Өмүрзак жана 60дан ашуун айымдар жана студент кыздар катышты.

“Китеп билимдин булагы  андыктан жалпыңыздарды жакында болотурган китеп окуу сынагына чакырабыз. Сынак «Окуган муун — жаркын келечек» аталышында КМДБ жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан уюштурулуп  жатат. Сынак  имам Бухаринин «Мусулмандын адеби» жана Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр баяны тууралуу жазылган «Фыкх ас-Сира» аттуу китептердин негизинде жүргүзүлөт”,– деди  Шермухамед Ташматов.