Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы «Мустафа» ислам медресесинин окуучуларына жана аталган медресенин мугалимдерине өздүк гигиена, тазалык жана дүйнө жүзүнө тарап жаткан коронавирусду оруусун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасынын негизинде уюштурулуп, ага шаардагы медициналык тез жардам кызматкери Элчибек Жусупов, медресе окуучулары жана мугалимдер толугу менен катышты.
Иш-чара алкагында Элчибек Жусупов төмөнкү маселелерге токтолду:
- Ден соолук деген эмне?
- Туура тамактануу
- Физикалык машыгуулар
- Гигиена жана санитардык тазалык
- Жугуштуу оорулар
- Коронавирустун алдын алуу
Аталган иш-чара өтө кызыктуу болуп, суроо-жооптор айтылып, саламаттык сактоо кызматкерлери мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.
«Ден соолук Кудай Тааланын берген өтө чоң, баа жеткис белеги. Ден соолук – бул аманат, көңүл бурбасак ага жооп беребиз. Дүйнөдө элдерди дүрбүлөңгө салган жаман оорулар пайда болууда, алардын алдын алуу максатында медресебизде саламаттык сактоо кызматкерлерин чакырып ийри иш-чара өткөрдүк. Аллах Таалам бүтүндөй элди оору-сыркоодон сактап, тынчтык насип этсин», — деди медресе мүдүрү Омар Нусыров.