Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун Курман айт майрамына карата куттуктоосу


Урматтуу мекендештерим, момун-мусулман бир туугандар! Бардыгыбызга Аллах Тааланын берекеси, ырайымы жана саламаттыгы болсун! Жалпы кыргыз элин Чүй облусунун мусулмандар казыятынын эмгек жааматынын жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктаймын!

Жараткан Кудай Таала элибизге таза ыйман, чың ден соолук, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, мамлекетибизге тынчтык жана береке берсин! Ушундай ыйык күндүн урматына ар бирибиздин тилектерибизди орундатып, жалпы журтту оору-сыркоодон сактасын!
Ыйык Курман айт ар бир үй-бүлөгө кубаныч тартуулап, жакшылык жана береке алып келсин!

Урматтуу мекендештерим! Курман айт майрамы кылымдардан бери майрамдалып, мусулмандардын биримдигин, боорукерлигин жана кайрымдуулугун көрсөткөн майрам. Чыныгы момундук сыпаттарды көрсөтө турган ыйык күн болуп саналат. Кудай Тааланын мээрими менен, башка күндөрү кандайдыр бир себептерден улам пешенесин саждага тийгизе албагандар да, бул күнү эрте туруп, жайнамазын кучактап, садакасын чөнтөгүнө салып, Жаратканга ибадат кылып калышат.

Ушул ыйык күндөрү мусулмандардын канча бир бөлүгү Курман айтты гана майрамдабастан, өздөрүнүн ажылык милдеттерин аткарып, сүйүнүчү койнуна батпай турган күн болот. Мына ушундай кут-береке төгүлгөн күнгө жеткизген Аллах Таалага канча ирет шүгүр келтирсек да аздык кылат.

Ошону менен катар, ушундай ыйык күндүн урматы менен Жараткан Кудай Таала учурдагы жаман илдеттен көз жумгандарды Өз мээримине алсын, артында калган жакындарына узун өмүр берип, жакшылыктарды насип этсин!

Аллах Таала кыргыз элиме, бүтүндөй жер жүзүнө бакыт-таалай, күч-кубат, сабырдуулук берсин! Бүгүн кандай шатка бөлөнүп, курсанчылыкта жүрсөк, мындан ары да ушундай сүйүнүчкө бөлөсүн! Аты жаман илдеттен арылтып, ооруп жаткандарга шыпаа берсин! Өлкөбүзгө өсүп-өнүгүү, ытымак берип, эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кошсун! Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалайм. Дагы бир ирет Курман айтыңыздар маарек болсун!

Урматтоом менен куттуктоо жолдоп,
Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов