Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү жана өнөктөшү АВЕП комдук фонду менен биргеликте «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөтүү» долбоорунун алкагында медресе мүдүрлөрү жана мугалимдери үчүн «Стади Тур» уюштурду.
Иш-чара алкагында бир канча мекемелерге жана атайын кесиптик лицейге визиттер жасалып, кесиптик шыктын учурдагы орду, жаштар үчүн эмгектин зарылдыгы жана уюштуруунун жол жоболору менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты.
Иш-чарага КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана долбоордун башкы менеджери Нарынбек Кыдыргычев катышты.