Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу алыскы «Ой-Тал», «Алайкуу», «Кызыл-Жар» жана «Капчыгай» айыл өкмөттөрүнүн тургундары чогулуп, Жараткандан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коронавирус илдетинен арылууну тилеп, бата кылышты.
Түлөөгө 4 кой союлуп, эти келген конокторго тартылды.
Иш-чарага Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, Кара-Кулжа районунун администрация башчысы Аман Кенжетаев, райондун аксакалдар кеңешинин төрагасы Сейдахун Ибраимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
«Бул айыл аймактары районубуздун эң алыскы жерлеринде. Жолдору катаал. Жараткан Аллах ар кандай бөдө кырсыктардан, селден, жер көчкүлөрдөн жана жол кырсыктарынан өзү сактап, кылынган садака-ихсандар кабыл болсун», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.