КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов айымдар үчүн «Бекем үй-бүлө, бекем өлкө» деген темада семинар өттү

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде  «Бекем үй-бүлө, бекем өлкө» деген темада айымдар үчүн  семинар өттү.

Семинарда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана КИУнун ага окутуучусу Шермухаммед ажы Ташматов баяндама жасашты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 16-ноябрь күнү саат 18:00дө КИУнун ректору Абдишүкүр ажы Нарматов «Имам аль Бухари Алай» мечитинде мырзалар үчүн сабак өтөт.