Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиз менен жолугуу үчүн бүгүн таңда Москвага учуп кетти. Азирети Муфтий менен Москвадагы бир туугандарыбыздын жолугушуусу эртең, 14-октябрда Москова шаарындагы борбордук мечитте өтмөкчү. Жолугушуу Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнуддиндин чакыруусу менен уюштурулууда.
Жолугушуу алкагында:
-Үй-бүлөнү сактоо
-Адал ырыскы
-Берекелүү жашоо
-Ынтымактуулук
-Эне тили жана балдардын тарбиясы
-Экстремизмге каршы күрөшүү
-Ханафий мазхабын терең үйрөнүү
-Мусулмандардын жашоосунда Курандын орду темалары боюнча баяндамалар айтылмакчы. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, алардын ал жайынан кабар алмакчы.
Дареги: Москва шаары, Тынчытык прспектисинде жайгашкан борбордук мечит. Жолугушуу 14-октябрда саат 12:30да уюштурулмакчы.