Эмилбек ажы Асылбеков: «Ибадаттан мурда ишеним туура болуусу зарыл»

Бүгүн, 29-январь күнү Ош шаарынын борбордук «Имам Аль Бухари Алай» мечитинде шам намазынан куптан намазына чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Эмилбек ажы Асылбеков жана Абдималик ажы Турсунбеков дин кызматкерлери жана жергиликтүү жамаатка Матуриди акыйдасы боюнча баяндама жасашты.

«Мурда ибадат маселелери боюнча суроолор айтылып, фикх тууралуу көп баяндамалар жасалчу. Азыркы учурда акыйда маселеси курчуп, ар түрдүү түшүнүктөр таралып жаткандыктан, жер-жерлерде акыйда сабагын өтүүнү жандандыруу иштери жүрүүдө. Анткени ибадаттан мурда ишеним туура болуусу зарыл», – деди Эмилбек ажы Асылбеков.

Сабактын жүрүшүндө Аллах Тааланын жалгыздыгы, бирдиги, аны эч бир жаратылган нерсеге окшошпогондугу жана окшотпоо керектиги ж.б. акыйда маселелери боюнча туура түшүнүк берилди.

Айта кетсек, аталган иш-чара Аалымдар кеңешинин төрагасынын тапшырмасы менен өткөрүлдү.