Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын жаштары 8 балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы жаштар 8 баланын энеси Сабира Шаргаевага  3 бөлмөлүү үй салып беришти. Бул туурасында Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов билдирди.

Кайрымдуулук саамалыгы аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурулуп, анын алкагында айыл жаштары 8 00 миң сом топтоп, көп балалуу энеге куруп беришти.

Салтанаттуу иш чарага айыл аксакалдары жана жаштар катышып, бул жакшылык ишке себепкер болгондордун ишине ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалашты.