Бишкекте “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог” аталышындагы конференция өттү

Кечээ, 6-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын ортосундагы толеранттуулуктуу жана конфессиялар аралык ынтымактуулукту бекемдөөгө арналган “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог” аталышындагы конференция өткөрдү.
Конференцияга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчилиги, кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышып, анын алкагында диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер талкууланып, коомдогу туруктуулукту, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөдө, диндер аралык платформа түзүүдө диний лидерлердин жана жарандык коомдун сабаттуулугун жогорулатуу маселелер каралды.
Конференциянын жыйынтыгында конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган өз алдынча “Кыргызстандагы конфессиялар аралык кеңешме” түзүлөт.
Иш-чара 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу максатында, конфессиялар аралык мамилелерди бекемдөөгө, ар кандай ишенимдерге жана дүйнө таанымдарга сый мамиле кылууга, адам укутарына жана эркиндиктерине, толеранттуулук жана диний сабырдуулукка, радикализм, экстремизди болтурбоого багытталган.

Эскерте кетсек, бул конференция 2018-жылдын июнь айынан тартып октябрь айына чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлгөн форумдун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси (ЕККУ),Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) жана АВЕП бей өкмөт уюмдарынын өнөктөштүгүндө өткөрдү.

Фото: ДИМК