Умарали ажы Муратов: «Мечиттин тазалыгына имам эле эмес, жалпы жамаат жооптуу»

Кечээ, 23-июль күнү Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов Төө-Моюн айыл аймагындагы «Анарбай ажы» мечитинде жергиликтүү эл менен жолугушуп, мечиттердин абалын жакшыртуу боюнча бир канча маселелерди айтып өттү:

«Мечитти кооздугу сырткы имаратта эмес, ичи толуп турган жамаатта. Ошол себептен, мечиттин тазалыгына имам эле эмес, жалпы жамаат жооптуу. Мечитте ыңгайлуу ибадат кылууга тиешелүү шарттарды түзүү үчүн жергиликтүү эл да колунан келген салымын кошуусу керек. Бул да болсо сооптуу иштерден болуп саналат», – деди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.

Айта кетсек, Төө-Моюн айыл аймагында 16 мечит бар жана анын ичинен 8 мечитте жума намазы окулат.