Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Россиянын Муфтийлер Кеңешинин муфтийи, шейх Равиль Гайнутдин менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФнын Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясынын алкагында  РФ мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, Россиянын Муфтийлер Кеңешинин муфтийи, шейх Равиль Гайнутдин менен жолугушту. Эки тараптуу расмий жолугушууда шейх Равиль Гайнутдин  муфтий Абдулазиз кары Закировду кызмат орду менен куттуктап, кызматташуунун маанилүүлүгүн, ордун баса белгиледи. Ал эми муфтий Абдулазиз кары Закиров БРИКС саммитинин алдында өтүп жаткан V Эл аралык “Руханий Жибек Жолу” аттуу конференциясына чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, буга чейинки Кыргызстан менен Россиянын мамилеси кандай болсо, мындан ары да ошондой болуп кала берерин айтып, алака-катыш жанданып, Ханафий мазхабы, Матуриди акыйдасынын алкагында динди жайылтуу менен бирге, өлкөнүн, диндин, муфтияттын ишин алдыга жылдыра беребиз деген оюн айтты.

Ошондой эле, Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргыз мигранттары, анын ичинде мусулмандар үчүн жакшы мамиле жасалып жаткандыгы, алар үчүн шарттар түзүлүп жолугушуулар, баяндар, диний иш-чаралар өтүлүп жаткандыгы тынчтыктын, биримдиктин, бир мазхаб, бир акыйда экендигин айгинелерин өз сөзүндө белгилеп кетти.

Жолугушуу соңунда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Россиянын Муфтийлер Кеңешинин муфтийи, шейх Равиль Гайнутдинге кыргыз элинин турмуш-жашоосун чагылдырган, Кыргызстандын тоолорунун, мөңгүлөрүнүн элеси түшүрүлгөн нак кийизден жасалган пейзажды белекке тартуулады.