Уланбек ажы Курманбаев: «Берилген тапшырмаларды өз убагында аткаралы»

Кечээ, 8-август күнү Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы жалпы имамдарга жыйын болуп өттү. Жыйынга Бишкек шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев, казыяттын эсепчиси Расулбек ажы Сариев жана Свердлов районунун баш имам-хатиби Уланбек ажы Курманбаев баштаган жалпы райондун имамдары катышты.

Талантбек ажы Темирбаев жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан бекитилген №01-02-03-04-токтомдорун жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийиинин №237 буйругун ишке ашыруу, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар, мечиттердин тазалыгы боюнча кеп кылса, Расулбек ажы Сариев мечиттердин финансылык иш кагаздарын текшерип, кемчиликтерин оңдоону эскертип өттү.

Жыйын сонунда Уланбек ажы Курманбаев ысырапкорчулукту токтотуу, үй-бүлө институтун бекемде жана мамлекеттик символикаларга урмат көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, буларга токтолду:

«КМДБ тарабынан мечит, медреселердин жана имамдардын бирдиктүү электрондук маалыматтык базасы түзүлүп, учурда базага каттоо иштери кызуу жүрүп жатат. Ушул боюнча бизге тапшырмалар берилген. Талап кылынган документтерди тапшырып, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаралы».