Чүй облусунда республикалык Куран жарыштын облустук этабы өткөрүлдү

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда жайгашкан «Молдо Шакир» медресесинде 25 жашка чейинки мырзалар арасында республикалык Куран жарыштын тандоо туру өттү. Тандоо туруна жалпы 39 кары катышты.

Махмадали Машарипов, Насрулло Искендеров, Рахматилла кары Бекмуродовдор баштаган калыстар тобу калыстык кылып, натыйжада төмөнкү катышуучуларды Чүй облусунун атынан республикалык Куран жарышка жолдоду.

30 пара боюнча 1-орун – Рахматуллоев Салман;

20 пара боюнча 1-орун – Сафаров Шүкүрулло;

10 пара боюнча 1-орун – Жороев Абубакр;

Кооз окуу боюнча 1-орун – Беккелдиев Ислам.

Жыйынтыгында Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Саясат ажы Асанов облус казысынын саламын жолдоп, жалпы катышуучуларга Жараткандын тынчтыгын жана берекесин каалап, насааттарын айтты. Ошондой эле 1-2-3 орунду алган каарыларга казыят тарабынан белектер, акчалай сыйлык жана грамота ыйгарды.

«Темирди сууда дат баскандай, жүрөктөрдү да дарт басат». Дарттан арылуунун жана тазаруунун жолу – бул Куран. Андыктан ар бирибиз Куран үйрөнөлү, үйрөтөлү жана эл ичинде карыларга урмат көрсөтөлү окууну. Ыйык Куран окууну адатка айландыралы, анткени ал кыямат күнү бейишке кирүүгө шапаатчы болот. Жалпы катышуучуларга ийгилик каалайм. Иш-чараны мыкты деңгээлде өткөргөнгө себепчи болгон ар бир инсанга жана окуу жайдын жамаатына казыяттын атынан терең ыраазычылык айтам», – деди Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Саясат ажы Асанов.

Иш-чаранын аягында жалпы катуучуларга сый-тамак тартылып, дуба кылынды.