Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу жана Араван районунун баш имам-хатибдери менен биргеликте Кара-Кулжа районуна расмий иш сапары менен барышып, алгач Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Дамир Кулубаев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал боюнча пикир алышты.

Жергиликтүү эл менен болгон жолугушууда райондун акими Дамир Кулубаев райондогу диний кырдаал боюнча , Президенттин маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарга жол бербөө боюнча чыгарылган Жарлыгын аткаруу керектигин  айтты.

Ал эми Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга жол бербөө, той-аштардагы ысырапкорчулуктун алдын алуу, үй-бүлө баалуулуктарын сактоо жана бала тарбиясына жоопкерчиликтүү болуу жөнүндө баяндама жасады.

Айта кетсек, аталган жолугушуунун алкагында Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев жергиликтүү элге хатибияттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип өттү.