Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын Ажыке Ибраимов атындагы мектебинин жогорку класстын окуучуларына «Ислам жана мен» аталышында таалим сабагы өтүлдү.
Бул сабакта мектеп окуучуларына ислам дини тынчтыктын, аруулуктун жанан тазалыктын дини экени айтылып, ислам дининде адамдын орду канчалык баалуу экендиги баса белгиленди.
“Ислам динибиз тынчтыктын, тазалыктын дини. Динибиз экстремизимге жана терорризимге эч качан жол бербейт. “Адамдын өмүрү менен көнүлү касиеттүү Каабадан жогору турат” деп Пайгамбарыбыз айткан. Анан ушундай улуу дин кантип адам өмүрүн кыюуга уруксат берсин”, – деди Миң-Куш айылынын имамы Темирбек Керималиев.
Мындан сырткары сабакта адам адеби, улууларга урмат көрсөтүү боюнча тарбиялык сөздөр айтылды.
Мына ушундай эле тарбилык сааттар Жумгал районун караштуу Чоң-Дөбө, Кызыл-Жылдыз, Чаек айылдарында айыл имамдары тарабынан да өтүлдү.