Токмок шаарында маркумду узатуу жана жайга коюу тартиби боюнча жыйын өттү

Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 ысырапкерчиликтин алдын алуу жана 296 маркумду акыркы сапарга узатуу, эстеликтерди коюу Жарлыктары боюнча жыйын болду. Жолугушууга Токмок шаарынын мэриясынын социялдык чөйрөнү жана мемлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Оторбаев Азамат Кадыркулович, шаардын имам-хатиби  Муржан ажы Касымов, ИИБнин орун басары Мусаев Таалайбек Болотович, аймактык бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.

Иш-чарада маркумду жайга коюу ырасымдары жана эрежелери, ашыкча ысырапкорлук маселелери каралды. Ошондой эле диний каадаларды жана салттарды аткаруудагы кемчиликтер, маркумдун бир туугандары таштан, мрамордон же граниттен өтө чоң курулмаларады, күмөздү курууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосуудагы көйгөйлөр талкууланды.

Жыйында төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

— Маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында маалыматтык-жайылтуу иштерин дайыма жүргүзүү;

— Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча түшүндүрүү;

— Жалпы эле той-аштарда ысырапкерчиликке жол бербөө, КР Президентинин Жарлыктарын жергиликтүү калкка жеткирүү, эскертүү иштерин үзгүлтүксүз улантуу.