Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы «Атаназар кары 1» кыздар медресеси, «Хидаят» кыздар медресеси жана «Молдо Таабалды ажы» медресесинин кыздар бөлүмүнүн студенттери жана мугалимдеринин катышуусунда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өтүп, анда Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын өкүлү, ДИМК ТАБнын өкүлү Ильяз Маматкаримов жана теология факультетинин мугалими Абдулазиз Калбердиевдер баяндама жасашты.
ДИМК ТАБдын өкүлү Ильяз Маматкаримов дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзам жөнүндө маалымат берип өтсө, ОшМУнун теология факультетинин мугалими Абдулазиз Калбердиев өз сөзүндө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Мадина келишими боюнча айтып, Ислам дини тынчтыкты сактап калууга чакырарын билдирди.
Ал эми облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков акыйда жаатындагы талаштуу маселелер боюнча маалымат берип, салттуу ислам боюнча, тагыраагы Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасынын негизинде гана диний билим берүү керектигин эскертип өттү.