Түркия Диянет фондунун башкы директору Муфтиятты зыярат кылды

Бүгүн, 18-декабрда Түркия Диянет фондунун башкы директору Изани Туран баштаган делегация Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылды.

Жолугушууда Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров конокторду жылуу кабыл алып, дин жайылтууда аталган фонддун бай тажрыйбасын жана ат көтөргүс кызматтарын эске салса, боордош өлкөнүн делегациясы достук маанайдагы жогорку кабыл алуусу үчүн КМДБ жетекчисине ыраазычылык билдирди.

Зыяраттын жүрүшүндө достук, бир туугандык мамилелерди өркүндөтүү, мекемелер ортосунда  тажрыйба алмашуу, ханафилик-матуридилик мазхабы жаатында жакындан иштешүү ж.б. маселелер талкууланды.

Айта кетсек, жолугушууга Түркия Диянет фондунун камкорчулар кеңешинин мүчөсү, док. др. Фатих Курт, фонд адиси Абдуррахман Демирел, жеке катчысы Долекли Бурак, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик, анын жардамчысы Бахадир Али уулу катышса, КМДБдан Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев жана Муфтияттын эл аралык мамилелер боюнча жооптуу адиси Белек Жапаракун уулу катышты.