«Эмират» кайрымдуулук фонду Жети-Өгүз районунда муктаж үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү максатында чоң кайрымдуулук иш-чарасын уюштурду. Фонддун жетекчиси, мурунку муфтий Рахматулло ажы Эгембердиев өнөктөштөрү менен биргеликте жардамдарды жеке өзү таратып, тургундардын абалынан кабар алды.
Иш-чарада жалпысынан 100 үй-бүлөгө азык-түлүк пакети тапшырылды. Алардын курамында:
10 кг ун, 5 литр суу май, 5 кг күрүч, 5 кг гречка, 5 кг кумшекер, 1 баштык чай, 1 баштык туз, 1 коробка кесме.
Мындан сырткары:
40 үй-бүлөгө жылыткыч, 40 балага (20 кыз, 20 уул) кышкы куртка болду.
Оргочор айыл өкмөтүнүн 50 үй-бүлөсүнө ар бирине 500 кг көмүр (жалпы 27 тонна) берилди.
Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, «Эмират» кайрымдуулук фондунун жетекчилигине жана араб өнөктөштөрүнө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал мындай иштер муктаж үй-бүлөлөргө чоң колдоо болуп, коомго боорукердик жана биримдик духун алып келерин кошумчалады.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы район элинин ыраазычылыгына ээ болуп, жылуу пикирлер менен коштолду.