Кыргызстандын өндүрүш тармагында орду бар жеке ишкер Гүлзат Базарбаева тарабынан облус аймагындагы медреселерде билим алып жаткан студент кыздарга 500 дөй кийим-кечелер белекке берилди. Бул саамалыкка Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын кадрлар жана катчылык кызматынын адиси Фуркат ажы Авлиёев жана активист айым Канышай Ашимова себепчи болушканын казыяттан айтышты.
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров берилген кийим-кечелерди диний билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тапшырып жатып, «Баткен облусунан чыккан чыгаан ишкерибиз Гүлзат Базарбаевага, бул саамалыкка себепчи болуп, жоопкерчилик алган Канышай Ашимовага жана Фуркат ажы Авлиёевге ыраазычылык билдиребиз», – деди.
Облус казысы алдыда мындай жөрөлгөлөрдү дагы да улантуу боюнча аймактагы дин кызматкерлерине тапшырма берип, ага ылайык максаттуу пландар, идеялар талкууланды.
Айта кетсек, берилген кийим-кеченин болжолдуу суммасы 500 миң сомдон ашат.