Бишкек шаарындагы Азирети Умар мечитинин имам хатиби Шахобидин ажы Ахунжановдун демилгеси менен Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы 6 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн короосуна таза суу чыгарылып берилди.
«Демөөрчүлөр менен биргеликте учурда 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө ичүүчү таза суу чыгарылып берилди. Кийинки кезекте 5 үй-бүлөнү таза суу менен камсыз кылуу планыбыз бар»,-деди Шахобидин ажы Ахунжанов.