2019-жылдын 27-мартында Нарын облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси тарабынан Нарын облусундагы азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт.
Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулууда.
Конкурстун 1-этабы 2019-жылдын 10-мартына чейин райондук деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөрү 27-мартта облустук турга жолдомо алат.
Сынактын калыстары:
- Сынактын төрагасы: Басиров Рахматулла кары;
- Калыс: Атабаев Бакир кары;
- Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары;
- Калыс: Атаназаров Имамназар кары;
- Калыс: Жолдубаев Нурали кары.
Сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары;
Облустук тандоо турунан 1-2-3-орунду алган азанчылар республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.
1-орун – 8000 сом;
2-орун – 6000 сом;
3-орун – 4000 сом .
Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
Сынака катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
Эскертүү: Эгерде график өзгөрсө катышуучуларга телефон аркылуу маалымдалат.