Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы менен биргеликте Жаңы-Жол айылындагы мектеп-интернатта билим алып жаткан 136 окуучуну окуу куралдары менен камсыздады. Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымовдун айтымында кайрымдуулук ишине ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы активдүү катышып, демөөрчүлүк кылган.