Бир жигиттин энеси ооруканага түшүп калат. Күндөрдүн биринде дарыгерлер жигитти чакырып: «Апаңдын айыгып кетээрине үмүт жок, абалы аябай оор жана бул жашоо менен кош айтышарына аз күн калды»- дейт.
Жигит апасынын жүзүнө карап көз жашын төккөн бойдон ооруканадан чыгып кетет. Эртеси энесинен кабар алганы келаткан жигит машинасына май куюп алуу үчүн токтоп, май куюп берүүчү жумушчуну күтүп турган кезде картондун астында ачка жаткан мышыктарга көзү түшүп калат. Жанындагы дүкөнгө чуркап кирип, консерваланган балык сатып алып кичинекей мышыктарга берет да ары карай жолун улайт. Ооруканага жетип энеси жаткан бөлмөгө кирсе ал жерде энеси жок болот. Коркуп эмне кылаарын билбей калат! Апамдан айрылып калдым деп ойлоп көзүнө жаш ала баштайт. Кайра тактап алуу максатында энесин караган мед айымдан: «Энем кайда?» — деп сурайт.
Мед айым: «Энеңиздин абалы жакшырып калды, ошол себептен кошуна бөлмөгө чыгардык» — дейт. Сүйүнүчү койнуна батпай чуркаган бойдон бөлмөгө кирсе энеси өзүнө келген болот. Энеснин колун өөп саламдашат да эмне болгонун сурайт. Апасы: «Эсим келбей жаткан кезимде мышыктардын колдорун көтөрүп Аллага дуба кылып жатканын көрдүм» — деп жооп берет. Жигит мышыктарга тамак бергендиги үчүн Алла Таала энесине шыпаа бергендигин түшүнөт.
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: «Курманын жарымын берип болсо да садака кылгыла». «Садака балээден сактайт». «Оорукчандарыңарды садака менен дарылагыла».
Аллахым ата-энелерибизди ар-кандай оору сыркоолордон сактасын.
(хадис)