Пайгамбарга болгон сүйүү

«Хабибуллах» (Алла Тааланын сүйүктүү пендеси) — деген касиеттүү атак-даңкы менен пайгамбарлардын пири атанган Мухаммад саллаллаху алейхи ва салламга үммөт болуу бактысын биз, мусулмандарга насип кылган Алла Таалага чексиз шүгүр!
Адамдык асыл сапаты менен бүтүндөй адамзатына үлгү болуп, ак-караны ажыратып түбөлүк бакыттын жолун көрсөтүп берген улуу Пайгамбарга салам жана салават айталы…
Бир доорлордо адал-арам ылганбай, адамзат жол таппай карайлап турган маалда Алла Таала Мухаммед Мустафаны (саллаллаху алейхи ва саллам) акыркы Пайгамбар кылып жөнөттү. Дүйнө заалымдыктан зар какшап жаткан мезгилде Алла Таала тирүүлүк ааламына ай-жылдарды, кылымдарды нурга бөлөй турган көз тайгылтаар ошол ак берметти ыроолоду. Наадандык, мыкаачылык жана бузукулук чектен ашып калган учурда адамзатка тээ бийиктен жаркырап турган Чолпон жылдыз сыяктуу азирети Пайгамбарды белек катары тартуулады.
Алла Таала аны бүтүндөй жандуу-жансызга, т.а., таш-топуракка, дарыя-сууга, океан-деңизге, асман-жерге, убакыт-мейкиндикке, айрыкча адам баласына ырайымдуулуктун Пайгамбары катары жиберди. Алла Таала анын сөзүн уккан адамды мээримине бөлөп адал жолго салуу менен катар жашоосун көркүнө чыгарып, түбөлүк бакытка жеткизди.
Мына ошол улуу Пайгамбардын пайгамбарлыгын чын дилден кабыл алган коомдор чыныгы бейпилдиктин даамын тата алышты. Эмне үчүн жашап жаткандыгын түшүнө албагандыктан туңгуюк жашоодо өмүр сүргөн адамзаты ал ачып кеткен илимдин, акыйкаттын каалгаларынан агарган дүйнөгө кадам таштап адал жашоонун демин ала баштады. Таш болуп катып калган жүрөктөр анын улуу тарбиясы менен камырдай жумшарып ийге келди. Катмар-катмар дат баскан жүрөктөр анын мөлтүр булагына жуулуп, тазарды.
Маселен, Исламга киргенге чейин Хабашстандык (Эфиопиялык) «Вахши» аттуу адам мыкаачы, карөзгөй киши болгон. Кези келип Пайгамбарга моюн сунгандан тарта, ыйман толкунуна туруштук бере албай көзүнөн жашы кылгырган ардактуу сахабага айланган. Азирети Вахши сыяктуу дагы канчалаган адамдар ыйманга келгенге чейин жахил доордо жан дүйнөсү какыраган чөлгө айланган абалда өмүр сүрүп келишкен. Убакты-сааты келген соң алар да Исламдын мөлтүр булагынан даам татып, баары «Азирет» — деген ардактуу наам менен эскерилип, бийик мартабага жетишкен.
***
«(Эй Мухаммад! Аларга айткын): «Эгер Алла Тааланы сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле! Ошондо Алла Таала силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Алла Таала — Кечиримдүү, Мээримдүү!» (Аали Имран сүрөсү, 31-аят).
Алла Таалага чындап ыйман келтирген адам бул аятка кошкөңүл мамиле жасай албайт. Аятта баса белгиленгендей, Алла Тааланы сүйүүнүн жападан жалгыз белгиси – анын Элчисине моюн сунуу, ээрчүү жана анын куттуу сүннөтү менен жуурулуша жашоо. Адам баласы бул улуу жолдон башка жол менен Алла Тааланын сүйүүсүнө жана ыраазылыгына эч качан жете албайт. Ал эми Алла Тааланын сүйүүсүнө жеткирбеген иштер менен алек болуу – куру убара!
Ошондуктан, Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) жашообуздун ар бир көз ирмеминде жана жан дүйнөбүздүн чордонунда ар убак жашап турушу кажет. Анын теңдешсиз адамдык асыл сапаттарынан үлгү алып, жашоодо анын куттуу сүннөтүнө карата түздөнүшүбүз керек. Кудум ошол улуу Пайгамбарды жан дилден сүйүп,моюн сунуп, ээрчиген кутман сахабалар сыяктуу…
Сахабалардай абалга жетүү биз сыяктуу алсыз пенделер үчүн мүмкүн болбосо да, ошол улуу максатка карай талыкпай аракет кылуунун өзү чоң бакыт! Анын теңдешсиз адамдык асыл касиетин үйрөнүү, үлгү алуу түбөлүк бакытка себепкер болот.
«Теңдешсиз үлгүлүү инсан Азирети Мухаммед Мустафа» китебинен термелер…