«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Капитан Стюард көптөгөн экипаж мүчөлөрү менен ачык деңиз сапарына чыгат. Бирок капилеттен аба-ырайы бузулуп, катуу шамал тоодой толкундарды пайда кылат. Деңиз бети алай-дүлөй болуп, зор кемени тез эле аңтарып тынат.
Стюард эсине келип көзүн ачса, толкун өзүн аралга сүрүп чыгарган болот. Тилекке каршы, өзүнөн башка эч ким тирүү калбаганын билет. Аман калганына өтө кубанып, кайрадан өмүр тартуулаганы үчүн кудайга шүгүр келтирет. Бирок айланасын абыдан карап, адам жашабаган ээн аралга туш болгонун түшүнөт.
Олтура берген менен болмок беле. Жашоо үчүн күрөш башталат. Аралды кыдырып, соңунда алачык таап алат. Жашаганга шарт табылды деп өтө кубанып, кудайга дагы шүгүр келтирет. Деңизге барып, балык уулап жан багып күн өткөрөт. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле деңизден кайтып келип, көргөн көзүнө ишенбей туруп калат. Көрсө баш калкалаган алачыгы чатырап күйүп жатыптыр. Канчалык аракет кылса да өрттү өчүрө албайт. Ошентип алачыгы бүт бойдон күйүп кетет. Ошондо Стюард айласы түгөнүп, кудайга таарынат. Жалгыз аралга таштап салганы аз келгенсип, бар алачыгын өрттөп салганы үчүн кудайга акаарат келтирет.
Эртеси таң атпай жээкке куткаруучу кеме келип, экипаж мүчөлөрү капитанга кол сунушат. Көргөн көзүнө ишенбеген Стюард куткаруучуларга, «Мени кантип таап алдыңар?» деп сурайт. Тигилер капитанга мындай деп жооп беришет:
– Сиз жаккан оттун жардамында...
Ибарат: Сиз жаман деп кабыл алган нерседе балким жакшылык бардыр. Сабырдуу болуңуз жана шашылыш чечим чыгарбаңыз. Уста кудай гана баарын кемчиликсиз билүүчү.
P.s.: Башкы беттеги иллюстрациялык сүрөт интернеттен алынды.
Которгон жана даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын жардамчысы