«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят).
Чексиз мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...
Биримдик – элдин байлыгы, тынчтык – мамлекеттин таянычы, ынтымак – келечектин кепилдиги
«Ынтымак бар жерде – ырыс бар» деген кыргыз элинин кылымдардан бери айтылып келген накыл сөзүндө терең философиялык маани, турмуштук тажрыйба жана чоң акылмандык жатат. Анткени элдин байлыгы жалаң гана жеринин кенендиги, кен байлыктарынын молдугу же экономикасынын өнүгүшү менен өлчөнбөйт. Элдин чыныгы байлыгы – анын ынтымагы, биримдиги, тынчтыгы жана бири-бирине болгон ишеними. Дал ушул баалуулуктар коомдун/ мамлекеттин пайдубалын бекемдеп, өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачат.
Коомдо ынтымак болсо, адамдардын ортосунда ишеним болот. Ишеним бар жерде кызматташтык, кызматташтык бар жерде өнүгүү болот. Ал эми бөлүнүү, касташуу жана өз ара ишенбестик өкүм сүргөн жерде канчалык чоң мүмкүнчүлүк болбосун, анын үзүрүн көрүү кыйын. Демек, ынтымак жөн гана жакшы тилек же кооз сөз эмес, ал мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылган эң маанилүү коомдук баалуулук.
Кыргызстан – көп түрдүүлүктү биримдикке айландырган Мекен
Кыргызстан – ар түрдүү улуттардын жана этностук топтордун өкүлдөрү бир Мекенде жашап, бир коомдун мүчөсү катары өмүр сүрүп жаткан көп улуттуу мамлекет. Бул өлкөнүн өзгөчөлүгү гана эмес, анын коомдук жана маданий байлыгы. Ар бир улуттун өзүнө таандык тили, маданияты, салт-санаасы, дүйнө таанымы жана руханий мурасы бар. Ушул өзгөчөлүктөрдүн ар бири коомубуздун жалпы маданий казынасын байытып турат.
Биз бир өлкөдө жашайбыз, бир абадан дем алабыз, бир суудан ичебиз, бир жердин үзүрүн көрөбүз. Балдарыбыз бир мектепте билим алып, бир коомдо чоңоюп, бир мамлекеттин келечегине айланууда. Андыктан улутубуз, тилибиз же маданиятыбыз ар башка болгону менен, Мекенибиз жана тагдырыбыз орток. Мындай көп түрдүүлүктү туура түшүнүү үчүн табияттын өзүнө көз чаптырсак жетиштүү. Алла Таала жараткан дүйнө бир өңчөй эмес. Асман менен жердин, тоолор менен түздөрдүн, гүлдөр менен дарактардын, жаныбарлар менен канаттуулардын ар түрдүүлүгү жаратылышка өзгөчө көрк берип турат. Эгер дүйнөдө бир гана түс, бир гана гүл, бир гана дарак болгондо, анын бүгүнкүдөй кооздугу болмок беле? Табияттын сулуулугу – анын түрдүүлүгүндө. Адамзаттын көркү да улуттардын, тилдердин жана маданияттардын ар түрдүүлүгүн өз ара урматтап, тынчтыкта жашай билүүсүндө эмеспи. Бул чындыкты Жараткан Алла Таала Куранда мындайча баяндайт:
يَـٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَـٰكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَىٰ وَجَعَلْنَـٰكُمْ شُعُوبًا وَقَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوٓا۟ ۚ إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ ٱللَّهِ أَتْقَىٰكُمْ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ
Мааниси:
«Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык. Бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн силерди элдерге жана урууларга бөлдүк. Албетте, Алланын алдында силердин эң урматтууңар – эң такыбааңар. Чындыгында, Алла – Билүүчү, Кабардар»
(Хужурат сүрөсү, 13).
Бул аятта адамзаттын ар түрдүү улуттарга жана урууларга бөлүнүшүнүн максаты даана көрсөтүлгөн. Ал дегени бири-бирин кемсинтүү, бөлүп-жаруу же улутуна карап жогору-төмөн баалоо эмес, тескерисинче, бири-бирин таануу, түшүнүү жана өз ара мамиле түзүү. Демек, улуттардын ар түрдүүлүгү – касташууга себеп эмес, таанышууга жана жакындашууга мүмкүнчүлүк. Ал эми адамдын чыныгы кадыр-баркы анын кайсы улуттан экендиги менен эмес, адамгерчилиги, адеп-ахлагы, такыбалыгы жана жасаган жакшы иштери менен өлчөнөт.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) да бул маселеде адамзатка өтө маанилүү осуят калтырган:
- يا أيُّها النَّاسُ :إنَّ ربَّكمْ واحدٌ، وإنَّ أباكمْ واحدٌ، ألا لا فَضلَ لعربيٍّ على عَجميٍّ، ولا لعَجميٍّ على عَربيٍّ، ولا لأحمرَ على أسوَدَ، ولا لأسوَدَ على أحمرَ، إلَّا بالتَّقوَى، إنَّ أكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللهِ أتْقاكُمْ
«Оо, адамдар! Силердин Раббиңер бир, атаңар да бир. Билип койгула! Арабдын араб эместен, араб эместин арабдан, ак түстүүнүн кара түстүүдөн, кара түстүүнүн ак түстүүлөрдөн такыбалыктан башка артыкчылыгы жок. Чындыгында, Алланын алдында силердин эң урматтууңар – эң такыбааңар»
(Байхаки, «Шуабул-иман», №5137).
Бул хадистин мааниси өтө терең. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) улутуна, тегине жана өңүнө карап адамды жогору же төмөн коюуга болбой турганын эскерткен. Адамзаттын түпкү теги бир болгондуктан, бири-бирин басынтууга эч кимдин акысы жок. Ошондуктан кыргызбы, оруспу, өзбекпи, дунганбы, уйгурбу же башка улуттун өкүлүбү – баарыбыз адамдык кадыр-баркка ээбиз. Ар бир адамдын укугу урматталышы, ар бир улуттун маданияты бааланышы керек.
Ушак – ынтымактын душманы, такталбаган маалымат – коомдук коопсуздукка коркунуч
Бүгүнкү күндө коомдук ынтымакка олуттуу коркунуч жараткан көрүнүштөрдүн бири – такталбаган маалыматтардын, ушак-айыңдардын жана атайылап таратыла турган чагымчыл сөздөр болушу ыктымал. Кээде бир адамдын оозунан чыккан далилсиз сөз бир үй-бүлөнүн ынтымагын бузса, кээде социалдык тармактарда тараган бир эле фейк билдирүү бүтүндөй коомдун тынчсыздануусуна себеп болушу мүмкүн. Айрыкча, улуттар аралык мамилеге, диний ишенимге жана коомдук коопсуздукка байланыштуу маселелерде эмоцияга алдырган, текшерилбеген маалыматтар өтө кооптуу.
Анткени ушактын табияты ушундай: ал чындыкка караганда тезирээк тарайт, далилге караганда сезимге көбүрөөк таасир этет. Бирөө укканын айтат, экинчиси ага өз божомолун кошот, үчүнчүсү анык маалымат катары таратып жиберет. Натыйжада, башында такталбаган бир кабар чоң жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. Андан кудай сактасын.
Айрыкча, «биздикилер», «башкалар», «тигил улут», «бул эл» деген сыяктуу карама-каршы түшүнүктөрдү күчөткөн сөздөр коомдогу ишенимди талкалайт. Адамдарды улутуна карап күнөөлөө, бир адамдын жосунсуз аракетин бүтүндөй элге таңуулоо – адилеттүүлүккө да, адамгерчиликке, эң негизгисси диндарлыкка да жатпайт.
Ислам дини мындай жагдайда адамды жоопкерчиликтүү болууга, уккан маалыматты текшерүүгө жана шашылыш чечим чыгаруудан сактанууга чакырат.
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَن تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ
Мааниси:
«Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силерге бир бузуку кабар алып келсе, аныктап-тактагыла. Болбосо, билбестик менен бир коомго зыян келтирип алып, кийин кылган ишиңерге өкүнүп каласыңар»
(Хужурат сүрөсү, 6).
Бул аят бүгүнкү маалыматтык доор үчүн да өзгөчө маанилүү. Алла Таала адамга уккан ар бир кабарга дароо ишенбөөнү, маалыматты тактоону жана анын кесепетин ойлонууну буюрат. Башкача айтканда, медиа сабаттуу болууну тээ 15 кылым илгери эле буйруган десек аша чапкан болбойбуз.
Көңүл бура турган нерсе – аятта кабарды текшерүүнүн себеби да көрсөтүлгөн: «бир коомго билбестик менен зыян келтирип алып, кийин өкүнүп калбашыңар үчүн». Демек, текшерилбеген маалыматты таратуу жөн гана маданиятсыздык эмес, ал башка адамдарга зыян келтире турган жоопкерчиликсиз аракет.
Куранда дагы бир аятта:
وَلَا تَقْفُ مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ ۚ إِنَّ السَّمْعَ وَالْبَصَرَ وَالْفُؤَادَ كُلُّ أُولَٰئِكَ كَانَ عَنْهُ مَسْئُولًا
Мааниси:
«Өзүң билбеген нерсенин артынан түшпө! Анткени кулак, көз жана жүрөк – алардын ар бири тууралуу суракка алынасың»
(Исра сүрөсү, 36).
Бул аят ар бир адамга чоң эскертүү. Эмнени укканыбыз, эмнени көргөнүбүз, эмнеге ишенгенибиз жана кандай маалымат тараткандыгыбыз үчүн жоопкерчилик бар. Демек, ар кайсы кафе-ашканаларда же социалдык тармактарда кандайдыр бир билдирүүнү бөлүшүүдөн мурда, бирөөнүн сөзүн элге жеткирүүдөн мурда, кимдир-бирөөнү айыптоодон мурда анын чын-төгүнүн тактап алуу зарыл.
Чагымчыл сөздөргө алданбоо – ар бир жарандын жоопкерчилиги
Коомдо ынтымакты бузууга кызыкдар адамдардын болушу – эске ала турган көрүнүш. Алардын максаты кээде элдин ортосундагы ишенимди кетирүү, улуттардын ортосунда кастыкты күчөтүү, мамлекеттин ички туруктуулугуна доо кетирүү болушу мүмкүн.
Чагымчылдык дайыма эле ачык душмандык түрүндө көрүнбөйт. Кээде ал чындыкка окшоштурулган жалган маалымат, атайылап бурмаланган видео, контексттен жулунган сөз, улуттук сезимдерди козуткан билдирүү же элдин кыжырын келтирүү үчүн даярдалган провокация аркылуу ишке ашат. Мындай учурда эң чоң жаңылыштык – ачууланууга алдырып, маалыматты текшербестен аракет кылуу. Себеби чагымчылдыкты уюштурган адамдын көздөгөнү дал ошол болушу мүмкүн. М.а. коомдун сабырын жоготуп, адамдарды бири-бирине каршы коюу.
Ошондуктан ар бир жаран маалыматтын булагын текшерип, окуянын чыныгы жагдайын аныктап, укуктук баа берүүнү тиешелүү органдарга калтыруусу керек. Мыйзам бузуу болсо, ага мыйзам чегинде чара көрүлүшү зарыл. Бирок бир адамдын кылган жосунсуз иши үчүн бүтүндөй улутту күнөөлөө эч качан туура эмес.
Чагымчылдардын арам ойлоруна бөгөт коюунун эң натыйжалуу жолу – коомдун аң-сезимдүү, сабырдуу, ынтымактуу жана маалыматтык жактан жоопкерчиликтүү болушу. Провокацияга алдырбаган коомду бөлүп-жаруу да оңой эмес.
Элди бөлүп-жаруунун аягы – өкүнүч
Тарых көрсөткөндөй, коомдордун алсырашына алып келген негизги себептердин бири – ички ынтымактын бузулушу. Эл бири-бирине ишенбей калганда, ортодо кастык күчөгөндө, коомдук маселелерди акыл менен чечүүнүн ордуна күч колдонуу жана өч алуу үстөмдүк кылганда, андан бүтүндөй коом/ мамлекет жабыркайт.
Биримдик жоголгон жерде өнүгүү токтойт. Адамдар бири-биринен кооптонуунун шартында жашай баштайт. Экономикалык ишмердикке, билим берүүгө, маданиятка, инвестицияга жана коомдук кызматташтыкка терс таасир тиет. Эң өкүнүчтүүсү, мындай жагдайда күнөөсүз адамдар, анын ичинде балдар, аялдар жана улгайган адамдар да азап чегишет.
Кээде бир нече мүнөттүк ачуунун кесепети бир нече жылдык өкүнүчкө айланат. Бир ооз сөз жаңжал чыгарат, бир жаңжал кастыкка, кастык болсо чоң трагедияга алып келиши мүмкүн. Мына ошондуктан кырсык болгондон кийин өкүнгөнгө караганда, анын алдын алуу алда канча жакшы. Өрт чыккан соң суу ташыганга караганда, өрттүн тутанышына жол бербөө акылдуулук эмеспи? Куранда бул маселеге байланыштуу өтө таасирдүү эскертүү бар:
وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَلَا تَنَازَعُوا فَتَفْشَلُوا وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ ۖ وَاصْبِرُوا ۚ إِنَّ اللَّهَ مَعَ الصَّابِرِينَ
Мааниси:
«Аллага жана Анын Элчисине баш ийгиле. Өз ара талашып-тартышпагыла, антпесе алсырап, күч-кубатыңардан ажырайсыңар. Сабыр кылгыла! Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге»
(Анфал сүрөсү, 46.)
Бул аят ынтымактын бузулушу коомдун күчүн кетирерин ачык билдирет. Адамдар өз ара тирешип, бири-бирине каршы чыкканда, алардын жалпы күчү чачырайт. Ал эми бир максаттын тегерегинде бириккен эл кыйынчылыкты да жеңе алат.
Кыргыз элинин тарыхында да биримдиктин зарылдыгын көрсөткөн окуялар аз эмес. Эл башына оор күн түшкөндө, ата-бабаларыбыз журтту сактоо, жерди коргоо, тукумду улантуу үчүн бир муштум болуп биригүүгө умтулган. Алар ынтымаксыз элдин келечеги бүдөмүк экенин жакшы түшүнүшкөн. Ошондуктан тарыхтын сабагын унутпай, өткөндүн трагедияларынан туура жыйынтык чыгарышыбыз керек. Коомдук тынчтыкты сактоо – бир гана мамлекеттин же укук коргоо органдарынын милдети эмес. Ал ар бир жарандын абийир алдындагы жана коом алдындагы жоопкерчилиги.
Ынтымак – исламдын улуу баалуулуктарынын бири
Ислам дини адамзатты өз ара биримдикке, боорукерликке, кечиримдүүлүккө жана тынчтыкка чакырат. Мусулман адам башкаларга зыян келтирбеген, тескерисинче коомго пайда алып келген инсан болушу керек. Алла Таала Куранда мындай дейт:
وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلَا تَفَرَّقُوا ۚ وَاذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُم بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا
Мааниси:
«Баарыңар Алланын жибине бекем жармашкыла жана бөлүнүп-жарылбагыла. Алланын силерге берген нээматын эстегиле, бир кезде душман элеңер, Алла жүрөктөрүңөрдү табыштырды. Анын нээматы менен бир тууган болуп калдыңар»
(Аали Имран сүрөсү, 103).
Бул аятта ынтымак Алланын улуу нээматтарынын бири катары көрсөтүлгөн. Адамдардын жүрөгүн жакындаштыруу, алардын ортосундагы кастыкты сүйүүгө, душмандыкты бир туугандыкка айландыруу – чоң жакшылык. Демек, ынтымакты сактоо – руханий баалуулук гана эмес, Алла Таала берген нээматка шүгүр кылуунун да бир көрүнүшү. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мусулмандардын өз ара мамилесин бир бүтүн имаратка салыштырып, мындай деген:
الْمُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِ كَالْبُنْيَانِ يَشُدُّ بَعْضُهُ بَعْضًا
«Момун адам момун адам үчүн бири-бирин бекемдеп турган имарат сыяктуу»
(Сахихайн).
Бул хадисте өтө таасирдүү салыштыруу бар. Имараттын ар бир кирпичи өз ордунда бекем турса гана имарат бекем болот. Бир кирпичтин бошошу жалпы курулушка таасир этет. Адамдар да ошондой; коомдун ар бир мүчөсү өз милдетин жоопкерчилик менен аткарса, жалпы коом бекем болот.
Дагы бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мусулмандын чыныгы сапатын анын тилинен жана колунан башкалар аман болушу менен байланыштырган:
الْمُسْلِمُ مَنْ سَلِمَ الْمُسْلِمُونَ مِنْ لِسَانِهِ وَيَدِهِ
«Мусулман – башка мусулмандар анын тилинен жана колунан зыян тартпаган адам»
(Сахихайн).
Бул хадистин маанисин бүгүнкү коомдук турмушубузга да кеңири колдонсок болот. Адамдын тили менен жасаган зыяны кээде колу менен жасаган зыяндан да оор болушу мүмкүн. Себеби тилден чыккан ушак, жалаа, кемсинтүү, улут аралык кастыкты козуткан сөздөр көп адамдардын тагдырына таасир этет. Ошондуктан тилибизди жаман сөздөн, жүрөгүбүздү жек көрүүдөн, акылыбызды чагымчыл ойлордон сакташыбыз керек.
Тынчтыктын баркын аны жоготкондо гана түшүнүп калуу бар
Адам баласы кээде өзү ээ болгон жакшылыктын кадырын толук сезе бербейт. Тынчтыкта жашап жатканда анын канчалык чоң байлык экенин байкабай калышыбыз мүмкүн. Муну ата-бабалар «Колдо бар алтындын баркы жок» деп таамай айтып кеткен. Бирок коогалаңдуу кырдаалды башынан өткөргөн элдер тынчтыктын бир күнүнүн да канчалык баалуу экенин жакшы түшүнүшөт.
Эртең менен баласын мектепке жөнөткөн ата-эне анын аман-эсен кайтып келишин каалайт. Эмгекке чыккан адам үйүнө тынч кайтууну тилейт. Дыйкан талаасына үрөн сээп, түшүмүн жыйноону, мугалим балдарына билим берүүнү, дарыгер бейтаптарды айыктырууну, ишкер өз ишин өнүктүрүүнү каалайт. Мунун баары коомдо тынчтык жана туруктуулук болгондо гана толук кандуу ишке ашат. Ошондой эле коомдо тынчтык болгондо ибадатыңды тынч аткарасың.
Тынчтык – жөн гана согуштун жоктугу эмес. Тынчтык – адамдын эртеңки күнүнө ишеним менен карашы, баласынын келечегине кабатыр болбошу, өз эмгегинин үзүрүн көрүшү, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана адилеттүүлүккө ишениши. Коомдук туруктуулук дегенде да мына ушуну түшүнүү зарыл. Ал – ар бир адамдын укугу корголгон, мыйзам баарына бирдей колдонулган, пикир келишпестиктер күч колдонуу менен эмес, диалог жана укуктук механизмдер аркылуу чечилген коомдук абал.
Туруктуулукту сактоо үчүн коомдун бардык катмарлары жоопкерчилик менен аракет кылышы керек. Мамлекет мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылса, жарандар мыйзамды урматтап, өз ара сабырдуулукту сактоого тийиш. Дин кызматкерлери, мугалимдер, журналисттер, коомдук ишмерлер жана ата-энелер элди ынтымакка чакырууда өздөрүнүн үлгүсүн көрсөтүшү зарыл. Анткени тынчтыкты бирөө жалгыз сактап кала албайт. Ал – жалпы коомдун орток эмгегинин натыйжасы.
Башаламандыктын кесепети – баарына оор
Коомдук тартиптин бузулушу, мыйзамдын күчүн жоготушу, адамдардын өзүм билемдикке өтүшү жана күч колдонуу адатка айланышы – эч бир коом үчүн жакшылык алып келбейт.
Анархиялык башаламандыкта адилеттүүлүктүн ордун күч, мыйзамдын ордун өзүм билемдик, ынтымактын ордун коркунуч ээлеши мүмкүн. Мындай шартта эң көп зыянды карапайым калк тартат. Ишканалар токтойт, соода-сатык солгундайт, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактары жабыркайт, адамдардын мүлкү менен өмүрүнө коркунуч жаралат.
Башаламандыктын кесепетин бир гана бүгүнкү муун эмес, келечек муун да тартат. Анткени бузулган ишенимди калыбына келтирүү, талкаланган үйлөрдү кайра куруу, экономиканы оңдоо мүмкүн болгону менен, адамдардын жүрөгүндөгү жана психологиясындагы жараатты айыктыруу үчүн көп жылдар талап кылынышы мүмкүн.
Ошондуктан коомдук тынчтыкты сактоо – кайдыгер карай турган маселе эмес. Пикир келишпестик болушу мүмкүн, сын-пикир айтылышы мүмкүн, нааразычылык жаралышы мүмкүн. Бирок мунун баары мыйзамдуу, маданияттуу жана тынч жол менен чечилиши керек. Тынчтыкты сактоо адилетсиздикке көз жумуу дегенди билдирбейт. Тескерисинче, чыныгы туруктуулук адилеттүүлүк, мыйзамдуулук, адам укуктарын урматтоо жана өз ара жоопкерчилик менен бекемделет.
Ынтымакты сактоо ар бирибизден башталат
Коомдогу ынтымакты сактоо үчүн ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Бирөөнүн улутун, тилин, динин же маданиятын шылдыңдабоо, башка адамдын кадыр-баркын урматтоо, такталбаган маалыматты таратпоо, чагымчыл сөздөргө алдырбоо, кайсы бир топту/ этносту жек көрүүгө үндөбөө – мунун баары ынтымактын пайдубалын түзөт.
Мындан тышкары, коомдогу көйгөйлөрдү жашырбай, аларды мыйзам чегинде жана адилеттүү чечүүгө умтулуу зарыл. Эгер бир жерде укук бузуу болсо, аны тиешелүү органдарга билдирүү керек. Эгер жаңылыштык болсо, аны далил менен көрсөтүү керек. Эгер пикир келишпестик жаралса, аны сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракет кылуу керек.
Жаш муунга да ушул баалуулуктарды үйрөтүү өзгөчө маанилүү. Балдар улуттардын айырмачылыгын кастык катары эмес, маданий байлык катары кабыл алууга тарбияланышы керек. Башка улуттун өкүлүн урматтоо, улууну сыйлоо, кичүүгө ызаат көрсөтүү, коңшунун акысына көңүл буруу – бул биздин жалпы адамдык жана улуттук наркыбыз.
Кыргыз элинде:
«Ынтымак бар жерде – ырыс бар»;
«Көп түкүрсө – көл болот»;
«Жалгыз дарак токой болбойт»;
«Ырыс алды – ынтымак».
Бул макалдардын ар бири ынтымактын эл жашоосундагы ордун даңазалап турат. Ата-бабаларыбыз биримдиктин күчүн китептен эмес, турмуштун өзүнөн үйрөнүшкөн. Алар элдин күчү байлыкта гана эмес, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымакта экенин жакшы билишкен.
Биримдикти сактоо – келечекти сактоо
Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эң маанилүү милдеттердин бири – коомдук ынтымакты, улуттар аралык биримдикти жана туруктуулукту сактоо. Бул милдетти аткаруу үчүн ар бирибиздин салымыбыз керек. Биз бирөөнүн чагымына алдырбаган, далилсиз маалыматты таратпаган, улутуна карап адамды бөлбөгөн, адилетсиздикке мыйзам чегинде каршы турган, бири-биринин кадыр-баркын сыйлаган коомду курууга умтулушубуз зарыл.
Элди бириктирүү кыйын, бөлүү оңой. Ишенимди жаратуу үчүн жылдар керек, аны жок кылуу үчүн кээде бир нече мүнөт жетиштүү. Тынчтыкты сактоо күн сайын жоопкерчиликти талап кылат, ал эми башаламандыктын кесепетин жоюуга бүтүндөй муундардын өмүрү кетиши мүмкүн. А биз балдарыбызга кандай Кыргызстанды калтыргыбыз келет? Бири-биринен шектенген, улутуна карап бөлүнгөн, чагымчыл сөздөргө алданган коомдубу? Же бири-бирин урматтаган, ынтымакта жашаган, тынчтыкты барктаган, келечекке ишеним менен караган мамлекеттиби? Буга ар бирибиз өз абийрибиздин алдында ачык жооп бергенибиз жакшы.
Бул суроонун жообу ар бирибиздин бүгүнкү мамилебизге, сөзүбүзгө жана ишибизге байланыштуу. Андыктан бири-бирибизди бөлбөйлү, тескерисинче жакындашалы-жакындаштыралы. Жек көрүүнү эмес, урматтоону жайылталы. Ушакты эмес, чындыкты сүйлөйлү. Чагымчылдыкты эмес, сабырдуулукту тандайлы. Кастыкты эмес, достукту бекемдейли. Анткени Мекенибиз – бир. Тынчтык – баарыбызга керек. Келечек – баарыбыздын балдарыбызга тиешелүү.
Алла Таала Кыргызстаныбызга тынчтык, элибизге ынтымак, журтубузга береке, мамлекетибизге туруктуулук насип кылсын! Ар бир үй-бүлөдө бакубат жашоо, ар бир жүрөктө боорукерлик, ар бир жаранда мекенге болгон жоопкерчилик болсун!
Ынтымак бар жерде – ырыс бар, биримдик бар жерде – береке бар, тынчтык бар жерде – келечек бар!
Муфтиятpress