«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Мээримдүү, ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алла Таала кең ааламды жаратып, анын ичинде Жер шарын түркүн-түстүү килемдей кооздоп, адамзатка белек кылып берди. Жана андагы бардык макулуктарды инсанатка баш ийдирди. Ыйык Куранда бул тууралуу мындай деп билдирилет:
أَلَمۡ تَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَأَسۡبَغَ عَلَيۡكُمۡ نِعَمَهُۥ ظَٰهِرَةٗ وَبَاطِنَةٗۗ ...
«Чын эле силер асмандар менен жердегилерди баш ийдиргендигин жана силерге жашыруун да, ачык да өз жакшылыктарын толук кылып бергенин билбедиңерби?» (Лукман, 31/20).
Адам баласы өзүнө нээмат катары сунулуп, кызматына берилген сансыз жакшылыктардан; өсүмдүктөрдөн жана жаныбарлардан пайдаланат. Бирок адам пендеси алардын чыныгы ээси эмес. Ааламда атомдон тартып асман телолоруна чейин эмнелер гана бар болсо, баарынын чыныгы ээси – Алла Таала. Анткени Ал асмандар жана жердин, ошондой эле экөөнүн ортосундагы бүт нерсенин Раббиси! (Караңыз: Саффат, 37/5). Демек Жараткан адамдан өзүнө аманат катары берилген бардык нерсенин акысын сактоону талап кылат (Ахзаб, 33/72).
Ошондуктан адам баласынын өзү жашап жаткан жаратылышка карата милдеттери бар. Ислам дининде айлана-чөйрөбүздөгү жаратылышты жана башка бардык нерселерди жөн гана керектөөчү нерсе катары көрүү туура эмес. Бул жаратылыштагы нерселер биздин пайдабыз үчүн жаратылганы менен, алардын ар биринин өз алдынча баалуулугу жана мааниси бар. Ислам адамдын айлана-чөйрө менен болгон мамилесинде ушул чындыкты аңдап-түшүнүшү керектигин баса белгилейт.
Эгер адамдар айлана-чөйрө менен болгон мамилесинде кудайдын буйруктарына жана адеп-ахлактык эрежелерге баш ийбесе, дүйнөдөгү тартип бузулат. Куранда бул тууралуу мындай деп айтылат:
ظَهَرَ ٱلْفَسَادُ فِى ٱلْبَرِّ وَٱلْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِى ٱلنَّاسِ لِيُذِيقَهُم بَعْضَ ٱلَّذِى عَمِلُوا۟ لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
«Адамдар өз колдору менен жасагандарынын кай биринин жазасын тарттыруу үчүн кургактыкта жана деңизде бузукулук ачыкка чыкты. Балким, алар кайра тартышар» (Рум, 30/41).
Аятта адамдардын өз колдору менен кылган иштеринин айынан кургактыкта да, деңизде да эрозия жана бузулуулар пайда болорун билүүгө болот. Ырасында, бүгүнкү күндөгү кургакта жана деңиздеги экологиялык кыйроолор адам колу аркылуу болуп жатпайбы.
Куран аяттары жана Азирети Мухаммаддын (с.а.в.) хадистери жаратылышты түзгөн нерселерге, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга кандай мамиле кылуу керектиги тууралуу жол көрсөтөт. Азирети Мухаммад (с.а.в.) адамдар жалпы пайдаланган суу булактарын, жолдорду жана көлөкө түшүп эс ала турган жайларды булгап-кирдетүүгө тыюу салган (Абу Дауд, Тахарат, 14).
Ислам тазалыкка өтө катуу маани берет. Бул боюнча ондогон аят, жүздөгөн хадистерде айтылат. Биз бир-эки мисал айтуу менен теманы андан ары улайлы.
بُني الدِّين على النَّظافة؛ الطهور شطر الإيمان.
«Дин тазалыктын үстүнө курулган» (Каады Иййааз, Машаарикул-Анваар, II, 107); «Тазалык – ыймандан»; «Тазалык – ыймандын жарымы» (Муслим, Тахаара, 1) ж.б.
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө таза суу таңкыстыгы бар. Дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында суу ресурсунун айынан ар кандай пикир келишпеcтиктер, жаңжалдар чыгууда. Ушундай шартта суу этегиндегилер да, суу башындагылар да аны үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланышы керек.
Ислам ысырапка каршы дин. Айрыкча сууну ысырап кылбоону талап кылат. Бир жолу пайгамбарыбыз (с.а.в.) дарыянын жээгинде даарат алып жаткан сахабаны көрүп:
– «Бул эмне деген ысырап?» – деп сурайт. Сахаба:
– «Даарат алууда да ысырап болобу?» – дегенде, Азирети Мухаммад (с.а.в.):
– «Ооба, агып жаткан дарыянын боюнда турсаң да ысырап болот», – деп жооп берген (Ибн Маажа, Тахарат, 48).
Бүгүнкү күндө кургакчылык, глобалдык жылуулук, таза суу ресурстарынын азайышы жана абанын булганышы сыяктуу экологиялык көйгөйлөр күчөп жаткан шартта, ислам дининин айлана-чөйрөнү таза кармоо, керектөөдө чектен чыкпоо жана ысыраптан алыс болуу, ошондой эле колдогу ресурстарды аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү пайдалануу жөнүндөгү насааттарына мурдагыдан да көбүрөөк көңүл буруу зарыл.
Азирети Мухаммад (с.а.в.) ар бир тирүү жандыктын жашоо укугун коргоо жана жашыл өсүмдүктөрдүн баалуулугун түшүнүп, дарак отургузуу жөнүндө мындай деген: «Эгер силердин бирөөңөрдүн колунда көчөт болуп, ошол учурда кыямат башталып кетсе да, мүмкүнчүлүк тапса аны дароо отургузуп койсун» (Ибн Ханбал, III, 184).
Кээ бир адамдар дин десе эле намаз жана орозо менен чектеп түшүнөт. Акыйкатта ислам жашоонун бардык чөйрөсүн өз кучагына алат. Анын ичинде экологияны дагы. Пайгамбарыбыз: «Ким бир сидра дарагын негизсиз кыйып салса, Алла Таала анын башын тозокко салаңдатат» (Абу Дауд, Абад, 158-159). Экологияны сактоо боюнча мындан чоң чакырык барбы?! Дагы бир хадисте: «Эгер бир мусулман дарак отургузса, анын мөмөсүнөн адам же жаныбар жесе, ал даракты отургузган адам үчүн садака болуп эсептелет», – деп айткан аты куттуу пайгамбар» (Бухари, Адаб, 27).
Исламга ылайык, адам жерге карата да жоопкерчилик алат. Азирети Мухаммад (с.а.в.) жерди иштетип, жандандырып, эгин эгип, аны адамдарга жана башка тирүү жандыктарга пайдалуу абалга келтирүү керектигин баса белгилеп, мындай деген: «Кимдин (айдоо) жери болсо, түшүм эксин. Эгер өзү экпесе, анда аны диндеш бир тууганына эктирсин» (Бухари, Музаараат, 18).
Мусулмандар бардык жаныбарлар Алланын жараткан макулугу экенин, ар бири баалуу экенин жана адамга аманат катары берилгенин жашоосунда чагылдырат.
Мээрим жана ырайым пайгамбары Азирети Мухаммад (с.а.в.) биринчи кезекте жаныбарларды коргоо, азыктандыруу жана оорулардан коргоо сыяктуу маселелерде аяр мамиле кылууну талап кылган. Ал улоолорду ашыкча кыйноого жол берген эмес, кой короолорунун таза кармалышын буюрган жана жаныбарлардын жарааттарын өзү дарылап берген. Ал эми жаныбарларга зомбулук көрсөтүү – ислам адеп-ахлагына туура келбеген, Азирети Мухаммаддын (с.а.в.) өмүрүндө эч качан орун албаган жана адамзаттык баалуулуктарга каршы келген жорук. Азирети Мухаммад (с.а.в.) себепсиз өлтүрүлгөн бир чымчык (таранчы) Кыямат күнү Улуу жана Аруу Аллага өзүнүн арманын айтып, арызданарын билдирген (Насаи, Дахая, 42). Анын: «Жаныбарларга зулумдук кылбагыла», – деген так буйругу бар (Муслим, Жихад, 32).
Азирети Мухаммад (с.а.в.) адамдарга зыян келтирбеген иттерди өлтүрүүгө (Ибн Маажа, Сайд, 2), көңүл ачуу үчүн жаныбарларды бири-бири менен салгылаштырууга жана аларды бута катары колдонуп атууга тыюу салган (Муслим, Забаих, 58; Абу Дауд, Жихад, 51). Он беш кылым илгери эле акыйкат диндин пайгамбары ушундай сонун көрсөтмө берип кеткени ары кызыктуу, ары таң калычтуу. Ар кайсы учурда, ар кайсы жерлерде акча үчүн жаныбарларды уруштургандар, көңүл ачуу үчүн пайдалангандар, бука сыяктуу жаныбарларды ареналарга алып чыгып, аларды агрессиялуу болуулары үчүн зулумдук кылгандарга ж.б. тээ кылымдардын кыйырынан эле эскертүү берип жатпайбы (мында көчмөн элдердин көк бөрү оюну учурунда эреже сактабай чектен чыгып, аттарга ашыкча зулумдук кылууларга да эскертүү бар). Анан адам өмүрүнө коркунуч жаратуучу ит-куштарды өлтүрүүгө боло турган уруксатты бетке кармап, «ислам дини жан-жаныбарларды өлтүрүүгө буйрук берет» деген дооматты кандай кылабыз?
Азирети Мухаммад (с.а.в.) чаңкап, суусап жер жалап жаткан итке суу берүү үчүн чөлдөгү кудукка түшүп, бут кийимине суу толтуруп чыккан бир инсан тууралуу баяндайт. Алла Таала ошол адамдын бул ишине ыраазы болуп, аны кечирген. (Бухари, Мусакат, 9). Ислам пайгамбары (с.а.в.) айткан дагы бир окуяда мышыгына ачууланып, аны үйгө камап коюп, ачкадан өлүшүнө көз жумган аял жөнүндө сөз кылат. Ал аял ушул кылыгы үчүн Алланын азабына татыктуу болгону маалым (Муслим, Салам, 152). Итке суу берген адам анын жашоого болгон укугун урматтаганы үчүн сыйлыкка ээ болсо, мышыкты камап койгон аял анын жашоо укугун тартып алгандыгы үчүн жазаланып жатпайбы. Демек, адам өзүнүн гана жашоосун ойлобостон, бардык жандуулардын жана жаратылган нерселердин жашоого болгон укугун колдоого жана коргоого милдеттүү. Бир жолу Азирети Мухаммад (с.а.в.) ачкачылыктан курсагы жабышып калган төөнү көрүп, мындай деген:
«Бул тилсиз жаныбарлар маселесинде Алладан корккула!» (Абу Дауд, Жихад 44).
Бир сапар учурунда айрым сахабалар эки чымчыктын балапандарынын бирин алып коюшат. Азирети Мухаммад (с.а.в.) эне чымчыктын жерге жапыз учуп, чый-пыйы чыгып балапанын издеп жүргөнүн көрүп: «Балапанынын бирин алып, аны ким мынчалык санаага салды?» – деп сурап, андан соң: – «Балапанын кайра өзүнө кайтаргыла!» – деп буюрат (Абу Дауд, Жихад, 113).
Бул окуялар Азирети Мухаммаддын (с.а.в.) жаныбарларга болгон мээримин жана алардын да жашоого, корголууга жана боорукер мамилеге татыктуу экенин көрсөткөн эң сонун үлгүлөрдүн бири болуп саналат. Исламда жаныбарлар жөн гана адамдын кызыкчылыгы үчүн жаралган нерселер эмес, Алланын аманаты катары каралат. Ошондуктан аларга ырайымдуу мамиле кылуу, жашоо укугун таануу жана зулумдук кылбоо ар бир мусулмандын милдети болуп эсептелет.
Азирети Мухаммад (с.а.в.) жаныбарларга карата колдонулган күч колдонуу же зомбулукту гана эмес, аларга жаман сөз айтып сөгүнүп-сагынууну да туура көргөн эмес. Ошондуктан төөсүнө каргыш айткан бир инсанга төөдөн түшүүсүн жана жаныбарды эркин коё берүүсүн буйруган (Муслим).
Ислам дини адамдын ааламдагы бардык жаратылгандар менен болгон мамилеси мээримдүүлүккө жана жакшылыкка негизделишин каалайт. Ошондой эле Алла жараткан кереметтүү тең салмактуулукту сактоо керектиги жөнүндө адамзатка эскертет.
Акыркы пайгамбар Азирети Мухаммад (с.а.в.) бир хадисинде мындай деген: «Алла Таала мээримдүүлөргө Өзүнүн ырайымы менен мамиле кылат. Ошондуктан силер жер жүзүндөгүлөргө ырайым кылгыла, ошондо асмандагылар да силерге ырайым кылышат» (Тирмизи, Бирр, 16).
Өсүмдүктөр менен жаныбарлар бирге жашаган жаратылыштагы бар болгон тең салмактуулукту сактоо – адамдын милдети. Исламдын түшүнүгүндө бул тең салмактуулукту бузган жана бүтүндүккө зыян келтирген ар кандай аракеттерге тыюу салынат (Аъраф, 7/56).
Демек, ислам адамды жаратылыштын ээси эмес, анын жоопкерчиликтүү сактоочусу катары көрөт. Айлана-чөйрөнү коргоо, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга кылдат мамиле кылуу, ресурстарды ысырап кылбоо жана жаратылыштагы тең салмактуулукту сактоо – мусулмандын диний милдеттерине кирет.
Учурда туруксуздашып жаткан климат, бузулуп жаткан экология жана өзгөрүп жаткан экосистемага назар салсак, бул жогорку аят-хадистер бүгүнкү күндөрү да актуалдуу. Алла Таала белек кылган жаратылышты аяр сактап, аманат катары күтүнүүсү керек.
Азыркы тапта ички-сырткы туризм өнүгүп жатат, бул жакшы көрүнүш. Бирок өзүбүздүн үйүбүз болгон айлана-чөйрөбүздү аздектеп, табиятты таза күтүнүүгө тийишпиз. Бир ыргыткан бир эле бөтөлкө же желим баштык экологияга канчалык зыян жеткирерин аңдайлы. Өзүбүздүн күнөстүү Мекенибизди асырайлы!
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Текшерген: Рафаиль ажы Татиков, Азирети Муфтийдин орун басары