Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)
Ыйманда 7 фарз бар:
1. Алла Таалага;
2. Анын периштелерине;
3. Андан жиберилген китептерге;
4. Пайгамбарларга;
5. Кыяматка;
6. Тагдырга, же болбосо жакшылык-жамандык Алла Тааладан экендигине;
7. Өлгөндөн кийин тирилүү бар экендигине ишенүү (ыйман келтирүү).
Исламда 5 фарз бар:
1. Алла Тааланын бар жана бир экендигине ыйман келтирүү;
2. Беш убак намаз окуу;
3. Рамазан орозосун тутуу;
4. Зекет берүү;
5. Мүмкүнчүлүгү жеткендер үчүн ажыга баруу.
Намазда 12 фарз бар:
Намаздын сыртындагы 6 фарз:
1. Даараттуу болуу (гусул кылуу, даарат алуу же таяммум кылуу);
2. Нажасаттан таза болуу (дененин, намаз окулчу жайдын жана кийимдин таза болуусу);
3. Аврат жерлердин жабы болуусу;
4. Намаз убактысынын кирүүсү,
5. Кыблага жүздөнүү
6. Ниет кылуу.
Намаздын ичиндеги 6 фарз:
1. Ифтитах такбири (намаз баштоодогу такбир);
2. Кыям;
3. Кыраат,
4. Рүкү;
5. Сажда;
6. Каадаи ахир (акыркы отуруу).
Гусулда 3 фарз бар:
1. Ооз чайкоо (жуу);
2. Мурунга суу алып тазалоо;
3. Денени кургак жер калтырбай жуу.
Дааратта 4 фарз бар:
1. Жүзүн жуу;
2. Эки колун (чыканакты кошуп) жуу;
3. Башка масх тартуу;
4. Эки бутту (кызыл ашыкты кошуп) жуу.
Таяммумда 4 фарз бар:
1. Таяммумга ниет кылуу;
2. Таза топурак табуу;
3. Топуракка бир уруп, жүзгө масх тартуу.
4. Дагы бир уруп, колго чыканак менен кошо масх тартуу.
Амри маъруфта 1 фарз бар:
1. Алла Тааланын кыл дегенин кылуу.
Нахйи мункарда 1 фарз бар:
1. Алла Тааланын кылба дегенин кылбоо.
Хайиз жана Нифаста 2 фарз бар:
1. Аялзатынын этек кири токтогондоо жуунуусу.
2. Төрөгөн аялдын 40 күндөн кийин тазаланып жуунуусу.
Илим алууда 1 фарз бар:
1. Өмүр бою илим талап кылуу.