Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Муфтият | 29.04.2025
  • |

Исламдагы 40 фарз эмнелер?

Ыйманда 7 фарз бар:
1. Алла Таалага;
2. Анын периштелерине;
3. Андан жиберилген китептерге;
4. Пайгамбарларга;
5. Кыяматка;
6. Тагдырга, же болбосо жакшылык-жамандык Алла Тааладан экендигине;
7. Өлгөндөн кийин тирилүү бар экендигине ишенүү (ыйман келтирүү).

Исламда 5 фарз бар:
1. Алла Тааланын бар жана бир экендигине ыйман келтирүү;
2. Беш убак намаз окуу;
3. Рамазан орозосун тутуу;
4. Зекет берүү;
5. Мүмкүнчүлүгү жеткендер үчүн ажыга баруу.

Намазда 12 фарз бар:
Намаздын сыртындагы 6 фарз: 
1.    Даараттуу болуу (гусул кылуу, даарат алуу же таяммум кылуу);
2.    Нажасаттан таза болуу (дененин, намаз окулчу жайдын жана кийимдин таза болуусу);
3.    Аврат жерлердин жабы болуусу; 
4.    Намаз убактысынын кирүүсү, 
5.    Кыблага жүздөнүү
6.    Ниет кылуу.

Намаздын ичиндеги 6 фарз: 
1.    Ифтитах такбири (намаз баштоодогу такбир);
2.    Кыям;
3.    Кыраат,
4.    Рүкү;
5.    Сажда;
6.    Каадаи ахир (акыркы отуруу).

Гусулда 3 фарз бар:
1. Ооз чайкоо (жуу);
2. Мурунга суу алып тазалоо;
3. Денени кургак жер калтырбай жуу.

Дааратта 4 фарз бар:
1. Жүзүн жуу;
2. Эки колун (чыканакты кошуп) жуу;
3. Башка масх тартуу;
4. Эки бутту (кызыл ашыкты кошуп) жуу.

Таяммумда 4 фарз бар:
1. Таяммумга ниет кылуу;
2. Таза топурак табуу;
3. Топуракка бир уруп, жүзгө масх тартуу.
4. Дагы бир уруп, колго чыканак менен кошо масх тартуу.

Амри маъруфта 1 фарз бар:
1. Алла Тааланын кыл дегенин кылуу.

Нахйи мункарда 1 фарз бар:
1. Алла Тааланын кылба дегенин кылбоо.

Хайиз жана Нифаста 2 фарз бар:
1. Аялзатынын этек кири токтогондоо жуунуусу.
2. Төрөгөн аялдын 40 күндөн кийин тазаланып жуунуусу.

Илим алууда 1 фарз бар:
1.    Өмүр бою илим талап кылуу.

Последние статьи
КАБЫР ЖАШООСУ
12.05.2025
ӨЛГӨНДӨН КИЙИН
12.05.2025
КЫЯМАТ
02.05.2025
АКЫРЕТ
25.04.2025