"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Ажылык күндөрүндөгү амалдардын тартиби
1. Ихрамга кирүү
• Ажылар Мекке шаарында мейманканадан ихрамга кирет
• Эки рекет ихрам намазы окулат
• Парз Ажылыкка ниет кылынат
Ниет дубасы: "اللهم حجة لا رياء فيها ولا سمعة"
«Оо, Аллах! Мен парз ажылык амалын калыс өзүн үчүн кылгым келет. Аны мага жеңилдет жана кабыл кыл.»
Андан соң талбия айтылат:
»لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْك، لَبَّيْكَ لا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْك، إِنَّ الْحَمْدَ وَ النِّعْمَةَ لَكَ وَ الْمُلْك، لا شَرِيْكَ لَك«.
Окулушу: «Лаббайкаллахумма лаббайк, лаббайка лаа шариика лака лаббайк, инналхамда ванниимата лака валмулк, лаа шариика лак».
Кыргызча мааниси:
«Аллахым! Мен Сенин буйругуңду аткарууга келдим! Сенин буйругуңа даярмын! Аллахым Сенин шеригиң жок! Буйругуңду аткарууга даярмын! Чынында бардык мактоо-даңазалар Өзүңө тиешелүү, сый-жакшылыктар Сеники, бийлик-мүлк да Сеники! Сенин эч кандай шеригиң жок!».
Демек, ихрамга кирерде бир ирет талбия дубасын айтуу важип. Ал эми ихрамдуу мезгилде ар убакыт үндүү талбия айта жүрүү сүннөт. Аялдар талбия жана башка дуба-зикирлерди, тасбихтерди төмөнүрөөк үн менен айтканы оң.
2. Мина өрөнүнө жөнөө
• Аср намазынан кийин
• Топ менен автобустар аркылуу
• Мина өрөнүнө жөнөлөт
• Ал жерде түнөшөт
3. Арафатка жөнөө, багымдат намазы жана зикир окуу
• Арафаттагы чатырларда багымдат намазы окулат
• Убакыт төмөнкүлөр менен өткөрүлөт:
o Тооба
o Куран окуу
o Дуба
o Зикир
4. Бешим жана Аср намаздары
• Бешим менен Аср Жам-и такдим (бириктирип) окулат
• Бешим убактысында бир азан, эки икамат айтуу менен экөө тең аткарылат
5. Арафат вакфасы (негизги амал)
• Бешимден кийин вакфа жасалат
• Көп-көп дуба кылынат
Хадис: Мухаммад пайгамбар ﷺ айткан: «Ким Аллах үчүн ажылык кылып, жаман сөздөрдөн жана жүрүм-турумдан иштерден сактанса, энесинен төрөлгөндөй күнөөсүз абалда кайтып келет». (Бухарий риваят)
6. Муздалифага жөнөө
• Күн баткандан кийин
• Муздалифага жөнөлөт
• Ал жерде:
o Шайтанга таш үчүн 49 таш чогултулат
7. Шам-куптан жана Муздалифа вакфасы
• Шам жана куптан намаздары куптан убагында бир азан, бир икамат менен Муздалифада (жам-и та’хир) (бириктирүү) ыкмасы менен окулат.
• андан кийин Муздалифа түнөө убактысы башталат, Фажрдан кийин вакфасы жасалат, дуа кылынат.
8. Минага жөнөө
• Багымдата (Фажрда), исфирарадан кийин
• Муздалифадан Минага карай жөнөйбүз.
9. Чоң шайтанга таш ыргытуу
• Акаба жамратына (чоң шайтан)
• 7 таш ыргытылат
Минага жеткенде Акаба Жамраты деп аталган “чоң шайтанга” 7 гана таш ыргытылат. Биринчи таш ыргытылганда талбия айтуу токтотулат. Ар бир таш ыргытылар алдында минтип айтылат:
«Бисмиллах, Аллаху Акбар, шайтанга жана анын тобуна каргыш!»
Биринчи таштан кийин талбия токтойт.
10. Курмандык чалуу
• Курмандык уюштуруучулар аркылуу чалынат (вакалат менен) тактап айтканда Ажылардын курмандыктары вакалат (башка бирөөгө жүктөө) жолу менен уюштуруучулар тарабынан чалынат.
11. Чач алуу жана ихрамдан чыгуу
• Чач алынат же кыркылат, кыскартылат
• Ихрамдан чыгат Ажынын хадия курмандыгы чалынган соң, чачын алып/алдырып ихрамдан чыгат. Ошентип, биринчи тахаллуль ишке ашат, жыныстык катнаштан башка бардык ихрам тыюулары жокко чыгат.
Бул — биринчи тахаллуль
(жыныстык катнаштан башка тыюулар алынат)
12. Зыярат тавафы
• Каабада аткарылат
• Мүмкүн болсо, ошол эле күнү зыярат тавафы жасалат, болбосо майрамдын 3-күнүнө чейин жасоого аракет кылынат.
13. Саъй (Сафа-Марва)
• Зыярат тавафынан кийин ажынын саъйы жасалат. Ошентип, экинчи тахаллуль ишке ашат жана бардык ихрам тыюулары аяктайт.
Бул — экинчи тахаллуль
(бардык тыюулар толук алынат)
14. Шайтанга таш ыргытуу (кийинки күндөр)
• Майрамдын 2–3-күндөрү
• Мүмкүн болсо Завалдан кийин аткарылат, Азыркы учурда (тафвиж) уюштуруучулар тарабынан берилген графиктин убактысында гана аткарылат.
Тартиби:
1. Кичине жамрат
2. Орто жамрат
3. Чоң жамрат
Ар бирине 7ден таш
4-күн калгандар да кайталайт
15. Коштошуу тавафы
• Меккеден кетерде акыркы таваф болгон коштошуу тавафы аткарылат.
Бул — важиб амал болуп эсептелет.
Жыйынтык
Ажылыктагы негизги этаптар:
• Ихрам (ниет)
• Арафат
• Муздалифа
• Мина (таш ыргытуу)
• Курмандык
• Таваф жана саъй
Даярдаган: Муфтияттын ажылык бөлүмү